Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-июлу № 380
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айыл аймагындагы Каркыра айылынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан жалпы аянты 6,73 га жер участогуна Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн "Каркыра автомобиль контролдоо-өткөрүү пунктун" куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 01-9-2024 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 5-апрелиндеги № 15 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айыл аймагында жайгашкан № 3 контурдагы - 3,43 га, № 9 контурдагы - 3,30 га, жалпы аянты 6,73 га кайрак айдоо жер участогу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн "Каркыра автомобиль контролдоо-өткөрүү пунктун" куруу максатында "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын буруу системасын, ошондой эле башкы планда каралган жер титирөө коркунучу бар иш-чараларга мониторинг жүргүзүүнү жана аларды болжолдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен тиешелүү аймактагы кооптуу жаратылыш процесстерин жана кубулуштарын контролдоону;
5) жеке каражаттардын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүнү уюштурууну;
6) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, көрсөтүлгөн жер участогунда казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн адис-археологду тартууну;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же коргоо зонасына киргенде "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алууну;
8) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
9) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун жол тилкесин сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июлундагы № 49 (3705) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |