Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 413
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускамада:
1) 5-пунктта:
– 1-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана/же пайдалуу кендерди иштетүү максатында жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон кен казуучу ишканаларга;”;
– 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“– турак жай менчик ээлеринин шериктиги.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
“3) жалданма кызматкерлеринин саны 50 адамдан аз болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүш иши менен алектенген юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул пункттун 2-пунктчасына ылайык эсептелет.”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 51–55-пункттар менен толукталсын:
“51. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көп болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүш менен алектенген юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү 2027-жылдын 1-январына чейин ай сайын өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелет.
52. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген, жалпы салык режими боюнча же бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөгөн жеке ишкерлер тарабынан жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ай сайын өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелет.