Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 418
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын
№ 3, 32, 38, 39 жана 51 мекемелерин жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ЖАМК) төмөнкү мекемелери жоюлсун:
– Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Логвиненко көчөсү, 25 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 3 түзөтүү мекемеси – катуу режимдеги абагы;
– Бишкек шаары, Ленин району, Деповская көчөсү, 76 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 32 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;
– Чүй облусу, Кемин шаары, Набережная көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 38 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;
– Талас облусу, Бакай-Ата району, Ɵзгөрүш айылы, Манас көчөсү, 261 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 39 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;
– Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Океев көчөсү, 179 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 51 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерди жоюу жол-жобосун жүргүзүү боюнча жоюу комиссиясы (мындан ары – жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы:
1) мекемелердин финансылык милдеттенмелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон карыздары боюнча маселелерди чечсин;
2) жоюулуучу мекемелердин мүлкүн эсепке алууну жүргүзсүн;
3) мекемелердин жоюу балансын даярдасын;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрсүн.