Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июлу № 446
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген айрым кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,05 |
2 | Бөлүмдүн башчысы | 3,30 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,25 |
4 | Башкы адис | 2,80 |
5 | Жетектөөчү адис | 2,60 |
6 | Адис | 2,35 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 25%ына чейинки пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.
|
|
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери