Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-августу № 498
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкты биринчи керектелүүчү азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
– 7-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин жыйналыштарына жеке катышат. Жыйналышка катышуу мүмкүн болбогон учурда Кеңештин мүчөлөрү бул жөнүндө Кеңештин төрагасына маалымдайт.
Кеңештин жыйналыштары Кеңештин төрагалык кылуучусу жана мүчөлөрү, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан санариптик платформаларды пайдалануу менен онлайн режимде өткөрүлүшү мүмкүн.
Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
Азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды көрүү максатында Кеңештин жыйналыштары аралык (онлайн) режиминде өткөрүлүшү мүмкүн жана Кеңештин жыйналышында кабыл алынган чечимдер сурамжылоо жолу менен макулдашылат.”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинде:
– биринчи абзацта “РСК Банк” деген сөздөр “Элдик Банк” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-августундагы № 63 (3719) саны менен жарыяланды