Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин
2025-жылдын “25” августу № 239
буйругу менен бекитилген)
тиркеме
СТАНЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАРГА:
АВТОБЕКЕТТЕРГЕ, АВТОСТАНЦИЯЛАРГА, АВТОПАВИЛЬОНДОРГО ЖАНА АВТОКАССАЛАРГА
КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР ЖӨНҮНДӨ ЖОБО
1. КОЛДОНУУ ЧӨЙРӨСҮ
Бул ченемдер жаңы долбоорлонуучу, реконструкциялануучу жана капиталдык оңдоодон өтүүчү станциялык курулмаларга: автовокзалдарга, автостанцияларга, автопавильондорго жана автокассаларга долбоорлоого жайылтылат.
2. ЧЕНЕМДИК ШИЛТЕМЕЛЕР
Бул ченемдерде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер колдонулду:
Кыргыз Республикасынын “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу” Техникалык регламенти” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” № 201 токтому:
- “Санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролду уюштуруу жана жүргүзүү” санитардык эрежелери;
- “Жеке электрондук эсептөө машиналарында ишти уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
- “Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
- “Тамак-аш продукцияларын дүң жана чекене сатуу объекттерине коюлуучу санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
- “Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери;
- “Жумуш орундарындагы, турак жай, коомдук имараттардын жайларындагы жана турак жай курулуштарынын аймагындагы ызы-чуу” санитардык эрежелери жана ченемдери;
- “Жумушчу зонанын абасындагы зыяндуу заттардын берилген концентрациясынын эң жогорку чеги” гигиеналык ченемдери;
- “Жумушчу зонанын абасындагы зыяндуу заттардын таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээлдери” гигиеналык ченемдери;
- “Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричилик суу пайдалануучу суу объекттериндеги суудагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилген деңгээлдери” гигиеналык ченемдери;
- “Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар” жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер;
- “Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар” жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер;
- “Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар” санитардык эрежелери жана гигиеналык ченемдери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 30-чуа “Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларын бекитүү жөнүндө КР СН 31-06:2018 “Административдик жана тиричилик имараттары” буйругу;
КЧжЭ 2.04.09-84 “Имараттардын жана курулмалардын өрт автоматикасы”;
КЧжЭ 2.03.11-85 “Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо”;
КЧжЭ 2.09.04-87* “Административдик жана турмуш-тиричилик имараттары”;
КЧжЭ 2.09.01-85* “Имараттын ички суу түтүктөрү жана канализациясы”;
КЧжЭ 2.04.05-91* “Жылытуу, желдетүү жана кондициондоштуруу”;
МКЧ 2.04-05-95 “Табигый жана жасалма жарыктандыруу”;
КР КЧ 21-02:2018 “Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу”;
КР КЧ 31-04:2018 “Коомдук имараттар жана курулмалар”;
КР КЧ 31-05:2018 “Өндүрүштүк имараттар”;
КР КЧ 31-06:2018 “Административдик жана турмуш-тиричилик имараттары;
КР КЧ 31-12:2018 “Унаа токтотуучу жайлар”;
КР КЧ 35-012018 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо”;
КР КЭ 35-101:2018 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга имараттардын мерчемдик чечимдерин кабыл алууда жашоо-турмуш чөйрөсүн камсыздоо”;
КР КЧ 40-01: 2023 “Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана курулуштар”;
КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу”;
КР КЭ 21-101:2024 “Имараттардын жана курулмалардын өрт автоматикасы”
КР КЭ 40-102:2024 “Имараттын ички суу түтүктөрү жана канализациясы”;
МАМСТ 34428-2018 “Эвакуациялык фотолюминесценттүү системалар. Жалпы техникалык шарттар”;
МАМСТ 25772-83 “Тепкичтердин, балкондордун жана чатырлардын болот (темир) тосмолору. Жалпы техникалык шарттар”;
МАМСТ 30494-96 “Турак жай жана коомдук имараттар. Жайлардагы микроклиматтын параметрлери”;
ВКЧ 01-89 “Автомобилдерди тейлөө ишканасынын ведомстволук курулуш ченемдери”;
ЖСЧ 01-91 “Автомобиль транспорт ишканаларын технологиялык долбоорлоонун жалпы союздук ченемдери”.
3. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
3.1. Бул ченемдер жаңы автобекеттерди, автостанцияларды, автопавильондорду жана автокассаларды долбоорлоо, реконструкциялоо жана иштеп жаткан станциялык курулмаларды кеңейтүү үчүн арналат.
Жаңы автобекеттерди, автостанцияларды, автопавильондорду жана автокассаларды долбоорлоо, реконструкциялоо жана иштеп жаткан станциялык курулмаларды кеңейтүү Ченемдик шилтемелердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
3.1.1. Жаңы автобекеттерди, автостанцияларды, автопавильондорду жана автокассаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана иштеп жаткан станциялык курулмаларды кеңейтүүдө алардын сметалык наркына, ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү түрдө мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүшөт.
Кыргыз Республикасынын “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Мыйзамына ылайык, курулуш объекттеринин бардык этаптары: объекттерди куруунун, реконструкциялоонун, кеңейтүүнүн, техникалык кайра жабдуунун, консервациялоонун жана жоюунун техникалык-экономикалык негиздемелери жана долбоорлору жана башка долбоорлор ишке ашырылууда айлана-чөйрөгө таасир этиши мүмкүн болгондуктан, экологиялык экспертизанын объекттери болуп саналат, ошол себептен алардын сметалык наркына, ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү мамлекеттик экспертизадан өтөт.
3.2. Имараттын жалпы, пайдалуу жана эсептик аянты, курулуш көлөмү, курулуш аянты, бийиктиги жана кабаттуулугу КР КЧ 31-04:2018 ылайык аныкталышы керек.
3.2.1. Автобекеттерде жана автостанцияларда төмөнкүлөр каралышы керек.
- имаратта жүргүнчүлөр үчүн жайлар, кызматтык жана техникалык жайлар;
- имараттын сыртында жүргүнчүлөр күтүүсү үчүн ыңгайлаштырылган жүргүнчүлөр зонасы, көчөдө билеттерди сатуу зонасы, кол жүктөрүн сактоо жана киосктордо чекене сатуу зоналары;
- жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү посттору менен, жөнөтүү жана келүү перрондору;
- каттам аралык тыныгуу аянты, автобустардын жүрүүчү жолдору жана техникалык кароо посттору бар транспорттук аймак;
- таштандыларды жана тамак-аш калдыктарын чогултуу жана сактоо үчүн аянтчасы бар чарбалык зона.
3.2.2. Автопавильондордо төмөнкүлөр каралышы керек:
- автокасса, диспетчердик жетекчилик;
- жүргүнчүлөрдү жамгырдан жана башка жагымсыз климаттык шарттардан калкалоо үчүн жабык же жарым жабык типтеги жайлар;
Калктуу конуштардагы автомобиль жолдорунун жанында курулуп, жакынкы автобекеттердин же автостанциянын филиалы катары иштейт.
3.2.3 Жакынкы автовокзалдын же автостанциянын филиалы катары иштеп жаткан автокассаларда төмөнкүлөр каралышы керек:
- автокасса, диспетчердик жетекчилик;
Калктуу конуштардагы автомобиль жолдорунун жанында курулуп, жакынкы автобекеттердин же автостанциянын филиалы катары иштейт.
3.2.4. Өзүнчө чарба жүргүзүүчү субъект катары автокассалар, бекитилген автобустук каттамдардын санына жараша:
- жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү посттору менен, жөнөтүү жана келүү перрондору;
- каттам аралык күтүү аянтчасы, автобустардын жүрүшү үчүн өтүүчү жолдору жана техникалык кароо посттору бар транспорттук аймак;
- имаратта жүргүнчүлөр үчүн жайлар, кызматтык жана техникалык жайлар;
- имараттын сыртында жүргүнчүлөр күтүүсү үчүн ыңгайлаштырылган жүргүнчүлөр зонасы, көчөдө билеттерди сатуу зонасы, кол жүктөрүн сактоо жана киосктордо чекене сатуу зоналары;
3.3. Станциялык курулмаларды долбоорлоодо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана калктын аз мобилдүү топторунун курулмалардын аймагында коопсуз жүрүүсүн, алардын имараттардагы жайларга ыңгайлуу жетүүсүн жана пайдалануусун камсыз кылуу үчүн иш-чаралар каралышы керек:
- имараттардын кире беришиндеги тепкичтерде жана имараттын бөлмөлөрдөгү полдун деңгээлинде айырмачылыктар болгондо пандустардын болушу;
-майыптар коляскасынын жана балдар коляскасынын өтүүчү жолдорунун эсепке алынган өлчөмдөрү менен эшиктердин жана тамбурлардын болушу;
- биринчи кабаттан жогору жайгашкан жайлар болгондо жүргүнчүлөр үчүн лифттердин орнотулушу.
Кресло-коляскаларды колдонгон майыптар үчүн автовокзалдардын жана автостанцияларынын имараттарында “КР КЧ 35-01:2018 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо” талаптарына ылайык шаймандар каралышы керек.
3.4. Станциялык курулмалардын имараттарынын, ошондой эле имараттан тышкары ыңгайлуу жүргүнчүлөр зоналарынын курамы жана аянты курулуш болуп жаткан аймактын климаттык шарттарына жараша каралат.
3.5. Автобекеттерде жана автостанцияларда жакынкы автотранспорт ишканалары менен автобустарды тейлөө боюнча натыйжалуу кооперацияны камсыз кылуу мүмкүндүгү жок учурда, төмөнкүлөр каралышы керек:
- автобустарды механикалык жуулушу;
- автобустардын рейстер аралык күтүү аянтчасында кыймылдаткычтарды жылытуу каражаттары.
3.6. Станциянын курулмаларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү долбоордук тапшырманын милдеттүү 1-тиркемесине ылайык, жүргүнчүлөрдүн суткалык эсептик агымы менен аныкталат.
3.7. Станциянын курулмалардын классификациясы 1-таблицага ылайык жүргүнчүлөрдү суткалык эсептик жөнөтүүсүнүн көлөмүнө жараша аныкталат.
1-таблица
Эсептик суткалык жөнөтүү, жүргүнчүлөр | Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу | Аталышы |
100дөн 200гө чейин 200дөн жогору 400гө чейин »400дөн 600гө чейин »600дөн 1000ге чейин | 10 25 50 75 | Автостанциялар |
1000ден жогору 2000ге чейин »2000 3000 Чейин »3000ден 4000ге чейин | 100 150 200 | Кичи автобекеттер |
4000ден жогору 6000ге чейин »6000ден 8000ге чейин »8000ден 10000ге чейин | 250 300 400 | Орточо автобекеттер |
10000ден жогору 15000ге чейин »15000 20000 чейин »20000 25000 чейин »25000 30000 чейин »30,000 ден 40,000 ге чейин » 40000 | 500 600 700 800 900 1000 | Чоң автобекеттер |
Станциялык курулмаларынын сыйымдуулугу:
- бир убакта, ченемдик талаптарга ылайык имаратка жайгаша ала турган адамдардын саны.
4. АВТОБЕКЕТТЕРДИН ЖАНА АВТОСТАНЦИЯЛАРДЫН СХЕМАСЫ
4.1. Чакан жана орто шаарлардагы автобекеттерди жана автостанцияларды шаар ичиндеги транспорттук каттамдардын борборуна жайгаштыруу керек, чоң шаарлардагы автобекеттерди, эреже катары, шаар ичиндеги транспорттун түрлөрү менен байланышкан жана шаардын сыртындагы автомобиль жолдоруна ыңгайлуу чыгуу жолдору менен камсыз кылынган шаарлардын четиндеги райондорго жайгаштыруу керек.
4.2. Тышкы транспорттун эки же бир нече түрү кесилишкен же кошулган пункттары бар шаарларда транспорттун бул түрлөрүн жүргүнчүлөрдү ташууну тейлөөчү бириккен автобекеттери долбоорлонууга тийиш.
4.3. Башкы план менен автобекеттин жана автостанциянын аймагында автобустардын жана жүргүнчүлөрдүн жүрүү жолдорун бөлүү камсыз кылынууга тийиш.
4.4. Башкы планды түзүүдө транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруу боюнча төмөнкү иш-чаралар каралышы керек:
- жол белгилерин, светофорлорду жана визуалдык байланыш каражаттарын жайгаштыруу;
- жүрүүчү бөлүктү жана каттамдар (рейстер) аралык күтүү аянтчасын белгилөө;
- жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрдү, шаардык транспортторго арналган аялдамаларды жана токтоочу жайларын жабдуу.
4.5. Жөнөтүү аянттары (перрондору) имаратка максималдуу жакындаштырылып жайгаштырылып, жүргүнчүлөрдүн жайларынан кыска жолду камсыз кылуу керек. Жөнөтүү перрондоруна жанаша жайгашкан жүргүнчүлөр үчүн жазылыгы 2,5 метрден кем эмес күтүү зоналары каралышы керек.
Жүргүнчүлөр келген перрондор, жүргүнчүлөрдү эң кыска жол менен имаратка кирбей бекеттин алдындагы аянтка өтүшүн камсыздап жайгаштырылышы керек.
4.6. Шаар четиндеги маршруттук каттамдардагы автобустардын интервалы 20 мүнөттөн ашпаган жана суткалык эсеп менен жөнөп кетүүдө 3 миңден ашык жүргүнчүлөр болсо, өзүнчө жөнөп кетүү жана келүү аянтчалары (перрондор) каралып, ал аянчаларга жетүү имаратты айланып өтүү менен камсыз кылынышы керек.
4.7. Транзиттик автобустар үчүн жөнөө аянтчасынын аймагында өзүнчө посттор бөлүнүшү керек.
4.8. Перрондордун түзүлүшү (конфигурациясы) жана алардын автобустарды коюу үчүн ылайыкташтырылган жээктери боюнча төмөнкү түрлөрү каралат:
- түз сызыктуу;
- тепкичтүү ;
- тиштүү.
Түз сызыктуу перрондорго, посттордун саны үчтөн ашпаган учурда жол берилет.
Тиштүү перрондор өзгөчө учур катары кабыл алынат.
Перрондордун геометриялык параметрлери 3-милдеттүү тиркемедеги 1, 2 жана 3 сүрөткө ылайык кабыл алынышы керек.
4.9. Перрондордун үстүндө жүргүнчүлөрдү отургузууда жана түшүрүүдө, ошондой эле алар имараттан автобустун алдыңкы эшигине чейин бара жаткан жолдо баш калкалай турган кеңдиктеги бастырмалар каралышы керек.
Келген перрондордун үстүнө тент коюуга жол берилбейт.
Перрондор автобустардын алдыга карай жакындашына жана жүрүүчү бөлүктөн 25 см бийиктикке көтөрүлүүгө ылайыкташтырылышы керек.
4.10. Отургузуу жана түшүрүү постторунун саны, ошондой эле каттамдар аралык автобус токтотуучу жайдагы орундардын саны 2-таблицага ылайык жүргүнчүлөрдүн суткалык болжолдуу жалпы чыгуусуна ылайык аныкталууга тийиш, ал эми, тейлөөнүн ар бир түрү боюнча посттордун саны кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүнүн күнүмдүк чыгуулардын жалпы санынан пайызына ылайык аныкталат.
2-таблица
Эсептик суткалык жөнөтүү, жүргүнчүлөр. | Автобустардын саны | |||||||||
шаар аралык | шаар четиндеги | |||||||||
билдирүүлөр | Автобус токтотуучу аянтчасындагы жерлер | билдирүүлөр | Автобус токтотуучу аянтчасындагы жерлер | |||||||
кетүү | келүү | кетүү | келүү | |||||||
100дөн 200гө чейин | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 | 3 | ||||
Жогору. 200дөн 400гө чейин | 2 | 1 | 3 | 1 | 1 | 4 | ||||
»400дөн 600гө чейин | 2 | 1 | 4 | 1 | 1 | 6 | ||||
»600дөн 1000ге чейин | 3 | 2 | 6 | 2 | 1 | 8 | ||||
»1000 2000 чейин | 5 | 3 | 10 | 3 | 2 | 12 | ||||
»2000 3000 Чейин | 6 | 3 | 12 | 3 | 2 | 14 | ||||
»3000ден 4000ге чейин | 7 | 4 | 14 | 4 | 2 | 16 | ||||
»4000 6000 чейин | 8 | 4 | 16 | 4 | 2 | 18 | ||||
»6000ден 8000ге чейин | 9 | 5 | 18 | 5 | 3 | 20 | ||||
»8000ден 10000ге чейин | 10 | 5 | 20 | 5 | 3 | 22 | ||||
| ар бир | |||||||||
» 10000 | 2000 | 4000 | 1000 | 4000 | 4000 | 1000 | ||||
| жүргүнчүлөргө 1 пост (орун) 10000ден ашык суткалык жөнөтүлгөн жүргүнчүлөр болсо | |||||||||