Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-сентябры № 593
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри:
- төмөнкүдөй мазмундагы 15, 16-пункттар менен толукталсын:
"
15 | Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашпаган коломдо көчүрмөлөө | ЮМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акысыз |
16 | Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө | ЮМ | ЖӨБ аткаруучу органдары | Акы төлөнөт |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан көлөмдө көчүрмөлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн жарандардын төмөнкү категориялары бошотулат:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ленинград блокадачылары, концлагерлердин мурдагы туткундары; Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон катышуучулар жана адамдар;
3) аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; толук эмес үй-бүлөлөр; белгилүү жашаган жери жок адамдар.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн жарандардын төмөнкү категориялары бошотулат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ленинград блокадачылары, концлагерлердин мурдагы туткундары; Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон катышуучулар жана адамдар;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; толук эмес үй-бүлөлөр; белгилүү жашаган жери жок адамдар.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
1) 1-глава ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) 4-главада:
- 43-пункттагы "ФМ" деген аббревиатура "МБК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 44-пункттагы "ММСЖСМ" деген аббревиатура "Спорт агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 54, 61-пункттардагы "БИМ" деген аббревиатура "Агартуумин" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 55-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
55 | Кыргыз Республикасында берилген орто жана/же жогорку кесиптик билим тууралуу документтин аныктыгы жөнүндө маалымкаттарды берүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акысыз |
";
- 56, 60-пункттардагы "БИМ" деген аббревиатура "ИЖБИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 57-59-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
57 | Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк окуу жайларда окуп жаткандыгын ырастоо тууралуу маалымкаттарды берүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акысыз |
58 | Чет өлкөлүк окуу жайларда окуп жаткан адамдардын билим деңгээлин жана мазмунун ырастоо тууралуу маалымкаттарды берүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акысыз |
59 | Тестирлөөнүн бардык түрлөрүнөн өтүүнүн жыйынтыгы боюнча сертификаттарды берүү | Агартуумин | Агартуумин, ИЖБИМ | Акы төлөнөт |