Загрузка документа…
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 58 токтому менен бекитилген
Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоонун, шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын катышуусунун тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
3. Бул Жобонун максаты шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
2. Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоого карата жалпы талаптар
4. Шайлоочуларды маалымдоо шайлоо кампаниясынын жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участкаларынын иштери, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн, добуш берүүгө катышуунун, добуш берүүнүн, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөнүн тартиби жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө төмөнкүдөй болушу керек:
- кайсы бир талапкерге/талапкерлерге, саясий партия көрсөткөн талапкерге артыкчылык түзбөгөн;
- тигил же бул талапкерге/талапкерлерге же саясий партия көрсөткөн талапкерге же болбосо алардын баарына каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү белгилерин камтыбаган;
- талапкер/талапкерлер, саясий партия көрсөткөн талапкер, алардын программалары тууралуу расмий маалыматтарды даярдоо жана таркатуу боюнча шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иштери жөнүндө шайлоо кампанияларынын мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таркатуу, ошондой эле аларга каршы же алардын пайдасына жашыруун үгүт жүргүзбөгөн.
5. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, юридикалык жана жеке жактар шайлоочуларды маалымдоонун субъекттери болуп саналышат.
6. Шайлоочуларды маалымдоо мыйзамдарда белгиленген чектерде гана жол берилет жана шайлоо алдындагы үгүттүн элементтерин же белгилерин камтыбашы керек.
7. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңчилдигин бузбоого, кандай гана болбосун кайсы бир талапкерге/талапкерлерге же саясий партияга артыкчылык бербөөгө тийиш.
Маалыматтык теле-радио программаларында, мезгилдүү басма сөздөрдөгү басылмаларда (менчигинин түрүнө карабастан) катталган талапкерлер, саясий партия көрсөткөн талапкер жөнүндө маалыматтар, талапкер/талапкерлер өткөргөн шайлоо алдындагы иш-чаралар жөнүндө билдирүүлөр комментарий берилбестен, өзүнчө маалыматтык блок катары берилүүгө тийиш. Мындай маалыматтык блоктор талапкерлер, финансы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан төлөнбөйт. Аларда кайсы бир талапкерге/талапкерлерге басым жасоого, кайсы бир талапкерди/талапкерлерди дискриминациялоого, анын ичинде алардын шайлоо алдындагы иштерине, мындай билдирүүлөр үчүн бөлүнгөн эфир убактысынын же басылма аянтынын көлөмүнө артыкчылык берилбөөгө тийиш.
8. Шайлоочуларга маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоочулардын шайлоого катышуусуна, жарандардын аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүнө жана шайлоонун айкындуулугуна түртүүгө көмөктөшүүчү материалдарды даярдоо жана таратуу болуп саналат.
Шайлоочуларга маалыматтарды таратуу тууралуу маалымдоодо төмөнкүлөр камтылат:
- шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жөнүндө;
- шайлоо комиссияларынын иши жөнүндө;
- шайлоо участоктору жөнүндө;
- шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө;
- добуш берүүгө катышуу тартиби жөнүндө;
- добуш берүү тартиби жөнүндө;
- добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө тартиби жөнүндө;
Шайлоо комиссияларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий маалымдоо:
- кайсы бир талапкерге/талапкерлерге артыкчылык түзбөй туруп, тигил же бул талапкер үчүн, же аларга каршы шайлоо алдында үгүт жүргүзүү белгилери камтылбаган талапкер/талапкерлер жана анын (алардын) программалары жөнүндө;
- кайсы бир саясий партияга/партияларга артыкчылык бербей туруп тигил же бул саясий партия үчүн же ага каршы үгүт жүргүзүү белгилери камтылбаган саясий партия/партиялар жана анын (алардын) программалары жөнүндө.
9. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн же шайлоодо катышуучусу катары катталган саясий партиялар, же алардын өкүлдөрү тарабынан аларды идентификациялоого (алардын таандуулугун аныктоо) жол берүүчү саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, төш белгилерин, логотиптерин же алардын мүнөздүү курамдык бөлүктөрүн, желегин, девиздерин, жазууларын жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) пайдалануу менен маалыматтарды же башка материалдарды жайылтуу үгүт жүргүзүү болуп саналат жана шайлоо дайындалган күндөн тартып, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде жана добуш берүү башталганга 24 саат калганга чейин жол берилбейт.
Талапкерлердин, саясий партиялардын штабдары жайгашкан имараттарда жана жайларда талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү болуп саналбайт.
10. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды маалымдоонун бир түрү болуп саналат. Сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоодо (чагылдырууда) аталган жарыялоону (чагылдырууну) ишке ашырган жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, жарандар жана уюмдар төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:
- сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты;
- сурамжылоо жүргүзүү убагын;
- сурамжылангандардын санын (иргелген);
- маалыматты чогултуу усулун;
- сурамжылоо жүргүзүлгөн регионду;
- суроонун так баяндалышын;
- мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү;
- сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жакты (жактарды);
- жарыялоого акы төлөгөн жакты (жактарды) көрсөтүүгө.
11. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка иликтөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларында жарыялоого жол берилбейт.
12. Ушул Жобонун талаптарын сактабоо маалыматтык материалдарды үгүттөө материалдары деп таанууга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.