Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-ноябры № 721
Салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык кызматынын органдарынын уюштуруу иштери чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салык кызматынын органдарына ведомстволук таандыктыгын аныктоочу туу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү, салык кызматынын органдарынын уюштуруучулук ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 197-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
197 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | 3332 | 454 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 409 | 42 |
| аймактык жана функционалдык бөлүмдөр | 2752 | 409 |
| ведомстволук бөлүмдөр | 171 | 3 |
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 18-пунктта "министр менен макулдашылган" деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.