Загрузка документа…
|
| 14-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасындагы кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү (мындан ары - тобокелдиктерди баалоо) тартибин жана мөөнөттөрүн, анын ичинде тобокелдиктерди улуттук баалоону жана тобокелдиктерди сектордук баалоону, ошондой эле тобокелдиктерди баалоого катышкан жактардын тизмегин түзүү, анын натыйжалары жөнүндө тиешелүү отчетторду түзүү, бекитүү жана жарыялоо жол-жоболорун аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тобокелдиктерди баалоонун максаты кылмыштуу ишти жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин (мындан ары - тобокелдиктер) аныктоо, баалоо жана түшүнүү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) көбүрөөк колдонулган методдорун (схемаларын) аныктоо;
2) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) боюнча Кыргыз Республикасынын системасындагы кемчиликтерди (начар жерлерин) аныктоо;
3) КИК/ККЛК системасынын бардык субъекттеринин ортосунда тобокелдиктерди бир түрдүү түшүнүүнү түзүү;
4) аныкталган тобокелдиктерди азайтуу үчүн конкреттүү чараларды иштеп чыгуу жана ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүү.
4. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжасында кылмыштуу ишти каржылоонун, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну каржылоонун (адалдоонун) коркунучтары, аялуулуктары жана кесепеттери аныкталат, ошондой эле КИК/ККЛК боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер планы (стратегия) иштелип чыгат.
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу иштеген кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия;
2) тобокелдиктерди улуттук баалоо - коркунучтарды жана аялуулуктарды аныктоо жана (же) болтурбоо, КИК/ККЛК боюнча, ошондой эле терс кесепеттерди алдын алуу же минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча КИК/ККЛК субъекттеринин иши;
3) финансылык чалгындоо органы - КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;