Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 105
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 57 токтому менен бекитилген Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын:
- 97 (токсон жети) жалпыга маалымдоо каражаттары (анын ичинде мезгилдүү басылмалар - 37, телекөрсөтүү - 41, радио - 19);
- 40 (кырк) интернет-басылмасы.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат 2-тиркемеге ылайык, жайгаштырылсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 105 токтомуна тиркеме |
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-редакциялардын ТИЗМЕСИ
Басылмалар
1 | Ысык-Көл облустук "Ысык-Көл Кабарлары" газетасы |
2 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, "Кыргыз Туусу" газетасы |
3 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити, "Эркин-Тоо" газетасы |
4 | "АгроМир" ЖЧК, "Агромир" газетасы |
5 | Чүй облустук "Чүй баяны" газетасы |
6 | "Нур Ази Я" ЖЧК, "Lady.kg" газетасы |
7 | "Жарнама Инфо-Реклама" газетасынын редакциясы, "Жарнама Инфо" газетасы |
8 | Жалал-Абад облустук "Акыйкат" коомдук-саясий газетасы |
9 | "МЦ Россия" ЖЧК, "Комсомольская правда - Кыргызстан" газетасы |
10 | "МЦ Россия" ЖЧК, "Московский комсомолец - Азия" газетасы |
11 | "МЦ Россия" ЖЧК, "Аргументы и Факты - Кыргызстан" газетасы |
12 | Баткен облустук "Баткен Таңы" газетасы |
13 | Талас облустук "Талас Байрагы" газетасы |
14 | Ош облустук "Ош жаңырыгы" газетасы |
15 | "Компьютер Пресс" ЖЧК, "Супер Инфо" газетасы |
16 | "Учур" ЖЧК, "Азия Ньюс" газетасы |
17 | Сокулук райондук "Элдик трибуна - Народная трибуна" газетасы |
18 | Ноокат райондук "Ноокат таңы" газетасы |
19 | "Айбат Аймак" ЖЧК, "Багыт кж" газетасы |
20 | "Кыргыз Мобайл" ЖЧК, "Де Факто Плюс" газетасы |
21 | "Дубан" ЖЧК, "Аймак" газетасы |
22 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, "Слово Кыргызстана" газетасы" басма үйү |
23 | Талас шаарынын мэриясы, "Жаңы багыт" газетасы |
24 | Жеке ишкер Эшалиев А.Т., "Мугалимдер дүйнөсү" газетасы |
25 | "Учур" ЖЧК, "Учур" газетасы |
26 | "Для Вас" ЖЧК, "Для Вас" газетасы |
27 | Ысык-Көл облустук "Каракольская правда" газетасы |
28 | Ош шаарынын мэриясы, "Ош шамы" газетасы |
29 | Алай райондук "Алай таңы" газетасы |
30 | "Улукбек Медиа" ЖЧК, "Аралаш" газетасы |
31 | "АйзаБина" ЖЧК, "Кеңеш KG" журналы |
32 | Ысык-Ата райондук "Жеңиш Туусу" газетасы |
33 | "Майдан пресс" ЖЧК, "Майдан.Kg" газетасы |
34 | Араван райондук "Достук"/"Дустлик" газетасы |
35 | Өзгөн райондук "Өзгөн нуру" газетасы |
36 | "Адвокат" ЖЧК, "Адвокат" газетасы |
37 | "Келкел kg" журналы |