Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 57 токтомуна тиркеме
Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде үгүт иштерине жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жобонун максаты маалымат алууга жана таратууга шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулар аңдап-түшүнүү менен тандоо жасашын жана шайлоонун маалымдуулугун камсыз кылуу, шайлоо системасына жана шайлоо институтуна коомдук ишенимди арттыруу болуп саналат.
3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.
2. Аккредитациялоонун шарттары жана тартиби
4. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери жок шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылууга катышууга укуктуу.
6. Аккредитациялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын жана/же алардын өкүлдөрүнүн саны чектелбейт.
Тиешелүү шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан бир жыйналышка же иш-чарага бир жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын өкүлдөрүнүн саны аларды шайлоо комиссияларынын жыйналыштары жана башка иш-чаралары өткөрүлүп жаткан жайларда жайгаштыруунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталат жана бир жалпыга маалымдоо каражатынан, интернет-басылмадан эки адамдан ашууга тийиш эмес.
7. Шайлоону өткөрүүдө аккредитациялоо максатында тийиштүү телерадио берүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмалардын жарыялоо укуктарын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды шайлоону дайындоо жана референдумду өткөрүү жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып төмөнкүдөй мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн учурда 20 календардык күндөн кечиктирбестен;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн учурда 10 календардык күндөн кечиктирбестен.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин берилген маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн расмий сайтында жалпыга маалымдоо үчүн шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып төмөнкүдөй мөөнөттөн кечиктирбестен жалпы маалымат үчүн жарыялайт:
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн учурда 25 календардык күндөн кечиктирбестен;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн учурда 15 календардык күндөн кечиктирбестен.
9. Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышууга ниетин билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 7-пунктта белгиленген мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө жана электрондук форматта төмөнкү документтерди тапшырууга милдеттүү:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн;
- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
- маалымат жана массалык коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгө уруксат берген документтердин көчүрмөсүн;
- эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар. Мында эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек;
- жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүнүн тизмесин жана электрондук варианттагы арызда камтылган башка маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук почтасына жөнөтөт.
10. Документтер талаптарга жооп бербеген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы бул тууралуу арыз ээсине 24 сааттын ичинде кабарлайт. Белгиленген эскертүүлөрдү арыз ээси маалымдама алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде оңдоп-түздөөгө укуктуу.
11. Мөөнөтүнөн кеч берилген (жарыяланган) же толук эмес көрсөтүлгөн арыздар кароого алынбайт.
12. Шайлоо болгон жок же жараксыз деп таанылып, кайра шайлоо дайындалган учурда, аккредитациядан өткөн маалымат каражаттары кайрадан шайлоо процессин чагылдырууну улантуу укугуна ээ болушат. Ал эми, шайлоого жаңыдан катышууга ниетин билдирген маалымат каражаттары ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык аккредитациядан өтөт.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ушул Жобонун 7, 8-пункттарында белгиленген мөөнөттөр үчтөн бирине кыскарат.