Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 72 токтомуна тиркеме |
Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларды жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары (шайлоочулары) жөнүндө маалыматтарды берүүнүн, шайлоочулардын маалыматтарын Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри менен салыштыруу жана шайкеш келтирүү жол-жоболорунун, шайлоочуларды идентификациялоо жабдыктарынын комплекттерин (алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча шайлоочуларын идентификациялоо, бюллетендерди басып чыгаруу функциясы менен жабдууларды) даярдоонун тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасында референдумду өткөрүү жана даярдоо мезгилинде ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелерин жөнгө салат.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу жана сактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун мыйзамдарда белгиленген бардык түрү (идентификациялык карта (ID), жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык паспорт, кызматтык паспорт, "Түндүк" тиркемеси аркылуу түзүлгөн санариптик паспорт);
шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү тутуму (мындан ары - ШЭБТ) - Кыргыз Республикасында шайлоочулар, референдумдун катышуучулары (мындан ары - шайлоочулар) жөнүндө маалыматтарды түзүү, эсепке алуу, иштетүү жана актуалдаштыруу, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын тизмелерин түзүү (мындан ары - шайлоочунун тизмеси), шайлоо аралык мезгилде жана шайлоолорду жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде статистиканы жана отчетторду түзүү үчүн колдонулуучу мамлекеттик маалымат системасы. Системанын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого жана референдумга катышууга болгон шайлоо укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - калктын реестри) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерде туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо, иштетүү, актуалдаштыруу жана талдоого арналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган жеке эсептеринин тутуму;
шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке маалыматтары - паспортто же чипке көрсөтүлүп жазылган же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук мекемеси тарабынан маалымат системасында катталган жеке идентификациялык номуру (ЖИН), фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги камтылган маалыматтар;
туруктуу жашаган жери - калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарандын жашаган жеринин дарегин каттоо же жарандын паспортуна каттоо белгиси менен ырасталган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери;