Загрузка документа…
| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу
жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу тартиби
3. Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
4. Эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
5. Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана аларды жоголгондордун ордуна берүү тартиби
6. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жараксыз деп таануу
7. Чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу
8. Айдоочулук күбөлүктөрдү кайтарып берүү
9. Талап кылынбаган айдоочулук күбөлүктөрдү жок кылуу тартиби
10. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болгон документтерди сактоо тартиби жана мөөнөтү
11. Транспорт каражатын башкаруу укугун убактылуу токтотуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү категориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу тартибин белгилейт, ошондой эле экзамендерди өткөрүү үчүн арналган техникалык контролдоо каражаттарынын курамын, көрсөтүлгөн техникалык каражаттарга карата талаптарды жана аларды колдонуу шарттарын аныктайт, улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана чет өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына шайкеш келген улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөр берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу, улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле аларды алмаштыруу жана чет өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан алмаштырылуучу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууда консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттарды алуу маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каражаттар алынат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилүүчү квалификациялык экзамендерди тапшыруу, ошондой эле улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алуу, алмаштыруу үчүн документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз жүзүндө сактагычтагы документке барабар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
4. “А”, “А1”, “В”, “В1”, “С”, “С1”, “D”, “D1”, “ВЕ”, “СЕ”, “DE”, “С1Е” жана “D1E” графаларында уруксат берүүчү белгилери бар айдоочулук күбөлүктөр тиешелүү категориялардагы жана (ички категориялардагы) транспорт каражаттарын же транспорт каражаттарынын курамдарын башкарууга укугу бар экенин ырастайт:
1) “А” – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашкан мотоциклдер – он алты жашка толгон адамдарга;
2) “А1” – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) – он алты жашка толгон адамдарга;
3) “В” – уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер (“А” категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) – он жети жашка толгон адамдарга;
4) “В1” – моторлоштурулган трициклдер, квадроциклдер – он алты жашка толгон адамдарга;
5) “С” – уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан автомобилдер (“D” категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) – он сегиз жашка толгон адамдарга;
6) “С1” – уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан, бирок 7 500 кг ашпаган автомобилдер (“D” категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) – он сегиз жашка толгон адамдарга;
7) “D” – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары он алты жана андан көп отуруучу орундары бар автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
8) “D1” – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары сегизден он алтыга чейин отуруучу орундары бар автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
9) “ВЕ” – уруксат берилген салмагы 750 кг ашкан жана жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашкан чиркегич чиркелген “В” категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген салмагы 750 кг ашкан чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан “В” категориясындагы автомобилдер – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка толгон адамдарга;
10) “СЕ” – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан чиркегич чиркелген “С” категориясындагы автомобилдер – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
11) “С1Е” – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, бирок жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы 12 000 кг ашпаган, чиркегич чиркелген “С” категориясындагы автомобилдер – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
12) “DE” – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, чиркегич чиркелген “D” категориясындагы автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
13) “D1E” – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналбаган, уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, бирок жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы 12 000 кг ашпаган, чиркегич чиркелген “D1” (ички категориясындагы) автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
5. Тиешелүү категориядагы жана (ички категориялардагы) транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү лицензиясы бар окутуу уюмдарынын бирдиктүү окуу пландарына жана программаларына ылайык жүргүзүлөт.
6. Айдоочулардын даярдоодон жана кайра даярдоодон өткөнүн ырастаган документ болуп окутууну өткөргөн окутуу уюму тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарында окутулганы жөнүндө күбөлүк эсептелет.
Окутулганы жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү алты айды түзөт. Окутулганы жөнүндө күбөлүктү алган адамдар алты айдын ичинде айдоочулук күбөлүктү алууга квалификациялык экзамендерди тапшыруу үчүн ыйгарым укуктуу органга барууга милдеттүү. Мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда аталган адамдар кайра окутуу курсунан өтүүгө жана окутулганы жөнүндө күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
7. Автомобилдик-трактордук адистик боюнча кесиптик жогорку жана орто окутуу уюмдарын бүтүргөн адамдарга дипломду жана ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди көрсөткөн, квалификациялык экзамендерди тапшырган учурда “А”, “А1”, “В”, “В1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилет.
8. Мыйзамдарда белгиленген жашка жетүү каралган категориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөр белгиленген жашка жете элек адамдар экзамендерден оң натыйжаларды алган учурда каттоо-экзамендик бөлүмдөрдө сакталат жана белгиленген жашка толгондо берилет.
9. “В” жана “С” категорияларындагы автомототранспорт каражаттарынын айдоочулугуна окууну бүтүргөн окутуу уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган учурда, он жети жашка толгондо “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүктү берүүгө жол берилет. Бул учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарында окутулганы жөнүндө күбөлүккө 18 жашка толгондо “С” категориясындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү алууга укук берген зарыл жазуулар киргизилет.
10. Жарандардын каалоосу боюнча, тиешелүү жашка толгондо жана зарыл болгон үзгүлтүксүз стажы болсо, практикалык экзаменди тапшыргандан кийин айдоочулук күбөлүккө уруксат берүүчү белгилерди коюуга жол берилет, тактап айтканда:
1) “А” категориясына – “А1” жана “В1” ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
2) “В” категориясына – “А”, “А1” жана “В1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. “ВЕ” категориясына – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар болсо, укук берилет;
3) “С” категориясына – “А”, “А1”, “В”, “В1” жана “С1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. “ВЕ” категориясына – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар болсо, укук берилет;
4) “С1” ички категориясына – “А”, “А1”, “В” жана “В1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. “ВЕ” категориясына – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар болсо, укук берилет;
5) “D” категориясына – “С”, “С1” жана “D1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
6) “D1” ички категориясына – “C” жана “С1” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
7) “СЕ” категориясына – “С1Е” ички категориясындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
8) “DЕ” категориясына – “СЕ”, “С1Е” жана “D1Е” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет.
2. Автомототранспорт каражаттарын башкаруу
укугуна квалификациялык экзамендерди
өткөрүү жана кабыл алуу тартиби
11. Квалификациялык экзамендерди тапшыруу үчүн талапкер тарабынан төмөнкүлөр берилет:
– калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын же чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо;
– берилген датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөнүн ырастаган документ;
– айдоочулук курамды даярдаган окутуу уюмдары тарабынан берилүүчү бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча курстарды аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк, ал эми убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктү алууга квалификациялык экзамендерди тапшыруу үчүн – минималдуу окуу мезгилинен (4 айдан кем эмес) өткөндүгүн ырастоочу маалымкат, ал кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө таризделиши мүмкүн жана ушул Эрежелердин 325-пунктуна ылайык убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк алынган күндөн тартып күчүн жоготконго чейин колдонулат;
– айдоочулук күбөлүк же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы күбөлүк (эгерде мурда берилсе). Чет тилде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндө нотариустун же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укугу бар башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү кол тамгасы болууга тийиш;
– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
“С”, “С1”, “D”, “D1”, “СЕ”, “С1Е”, “DЕ” жана “D1Е” категорияларындагы жана ички категорияларындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна кайра даярдалган учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүк берилет.
Адамды автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтар бар болсо, бардык категориялардагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Документтерди жана квалификациялык экзамендерди кабыл алуу адамдардын жашаган (барган) жерине карабастан ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
13. Квалификациялык экзамендер төмөнкүдөй ырааттуулук менен кабыл алынат:
– теориялык экзамен;
– практикалык экзамен.
14. Теориялык экзамен автоматташтырылган маалыматтык системаны пайдалануу менен онлайн режиминде экзамендик тапшырмалардын негизинде кабыл алынат.
Мында талапкер ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте бетинин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоодон өтөт.
Угуу функциясынын бузулуулары бар талапкердин каалоосу боюнча теориялык экзамендерди сурдокотормону колдонуу менен өткөрүүгө жол берилет.
15. Теориялык экзаменди өткөрүүдө айдоочулукка талапкердин төмөнкүлөрдү билүүсү текшерилет:
1) Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын эрежелерин;
2) автомототранспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду;
3) автомототранспорт каражатын коопсуз башкаруунун техникалык аспекттерин;
4) жол-транспорт кырсыктарынын келип чыгуусуна өбөлгө түзүүчү факторлорду;
5) абалы жол кыймылынын коопсуздугуна таасир бере турган автомототранспорт каражатынын конструкциясынын элементтерин;
6) жол-транспорт кырсыгында жабыркаган адамдарга врач келгенге чейин медициналык жардам берүүнүн методдорун.
16. Теориялык экзаменди тапшыруу үчүн автоматташтырылган маалыматтык системадагы экзамендик тапшырмалар 20 аралаш суроодон турат. Теориялык экзаменди тапшыруу үчүн убакыт 25 мүнөттү түзөт.
Теориялык суроолор ыйгарым укуктуу орган түзүүчү жумушчу топ тарабынан түзүлөт.
Жумушчу топтун курамына транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү кирет.
Теориялык суроолордун тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
17. Экзамендик тапшырмалардын 18 жана андан көп суроосуна туура жооп берген талапкер теориялык экзаменди тапшырган болуп эсептелет.
Теориялык экзаменде алынган баа алты айдын ичинде жарактуу болуп эсептелет.
18. Теориялык экзамендин жыйынтыгы боюнча экзаменатордун кол тамгасы коюлган экзамендик карточка берилет.
19. Теориялык экзаменди тапшыра албаган талапкер практикалык экзаменге киргизилбейт. Теориялык же практикалык экзаменди кайрадан тапшыруу мурдагы экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып жети күндөн эрте эмес дайындалат. Тапшырылган экзамендердин жыйынтыгы терс болгондо, квалификациялык экзамендерди тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
Экзамендерди өткөрүү класстарынан тышкары жерлерде теориялык экзамендерди өткөрүүгө тыюу салынат.
20. Практикалык экзамен реалдуу жол кыймылынын шарттарында кабыл алынат.
Практикалык экзамен башкаруу укугун алууга экзамен тапшырылып жаткан ошол транспорт каражаттарында тапшырылат.
“А”, “А1” жана “В1” категорияларындагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугун алууга практикалык экзамен жабык аянтчада же автодромдо гана жүргүзүлөт.
Практикалык экзамен талапкерди даярдоону жүргүзгөн окутуу уюму тарабынан бериле турган автомототранспорт каражатында кабыл алынат. Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн автомототранспорт каражаттарында, алардын зарыл жабдуулары бар болгон шартта практикалык экзамендерди кабыл алууга уруксат берилет.
21. Практикалык экзаменди өткөрүүдө реалдуу жол кыймылынын шарттарында автомототранспорт каражатын башкаруу учурунда талапкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарынын сакталышы, жол кырдаалын баалай билүү, ага өз убагында жана туура чара көрүү, ошондой эле белгилүү бир маневрларды жана иш-аракеттерди аткаруу жөндөмү текшерилет.
22. Айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамендер этаптык карточка боюнча тапшырылат.
Этаптык карточкада практикалык экзаменди баалоо критерийлери камтылган.
Практикалык экзамен төмөнкүдөй этаптардан турат:
– автомототранспорт каражатын жүргүзүүгө даярдануу;
– автомототранспорт каражатын ордунан жылдырып баштоо;
– кесилиштерден (жөнгө салынган, жөнгө салынбаган) өтүү;
– автомототранспорт каражатын артка кайруу;
– автомототранспорт каражатын артка карай жүргүзүү жана маневр жасоо;
– автомототранспорт каражатын токтотуу жана тормоздоо (токтотуучу жайга коюу);
– фишкалар менен белгиленген участоктон (ийри-буйру жолдон) өтүү;
– эстакадага чыгаруу жана түшүрүү.
Айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзаменди тапшыруу убактысы чектелген эмес. Талапкер автомототранспорт каражатын айдоо боюнча эки жана андан көп этапты аткарбаган учурда айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамен тапшырылган жок деп эсептелет.
23. Теориялык жана практикалык экзамендердин натыйжалары протокол менен таризделет, ага квалификациялык экзамендерди кабыл алууга катышкан экзамендик комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюуга тийиш.
Комиссия теориялык экзаменди кабыл алуу тартиби бузулгандыгын аныктаган учурда теориялык экзамендин натыйжалары жокко чыгарылышы мүмкүн.
24. Арыз, экзамендик карточка жана квалификациялык экзамендердин натыйжалары бар этаптык карточка айдоочулук күбөлүктү берүү үчүн негиз болуп саналат жана 10 жыл бою сакталат же мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерленет.
25. Угуу функциясынын бузулуулары бар талапкердин каалоосу боюнча практикалык экзамендерди сурдокотормочунун катышуусунда өткөрүүгө уруксат берилет.
Талапкерде автомототранспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөтмөлөр же медициналык чектөөлөр бар экендиги жөнүндө (жок экендиги жөнүндө) тиешелүү медициналык корутунду (мындан ары – медициналык корутунду) менен ырасталган автомототранспорт каражаттарын башкарууга медициналык чектөөлөр жана (же) медициналык көрсөтмөлөр бар болгон учурда практикалык экзамендер атайын шаймандар менен жабдылган же болгон медициналык корутундуга ылайык белгилүү бир конструкциялык мүнөздөмөлөрү бар автомототранспорт каражаттарында өткөрүлөт.
26. Экзамендик комиссиялардын протоколдорунун, арыздардын, этаптык карточкалардын формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
27. Экзамендер техникалык контролдоо каражаттарын (аудио жана видеокаттоо каражаттарын) пайдалануу менен өткөрүлөт. Теориялык экзаменди өткөрүү процессин аудио жана видеокаттоо каражаттары экзамен өткөрүлүүчү жайларда орнотулат, ал эми практикалык экзамендерде – практикалык экзамендерди өткөрүү үчүн пайдаланылуучу автомототранспорт каражаттарына орнотулат.
Практикалык экзамендерди өткөрүү процессин аудио жана видеокаттоо каражаттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
– алдыдагы жол кырдаалын видеожазуу;
– экзаменатордун командаларын жана тапшырмаларын аудиожазуу жана видеожазуу.
Квалификациялык экзаменди өткөрүүдө аудио жана видеомаалыматты сактоо экзаменди кабыл алуу жаздырылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде анын бүтүндүгүн камсыздаган электрондук сактагычта жүргүзүлөт. Аудио жана видеомаалыматтын болушу жана сакталашы үчүн жоопкерчилик экзамендик комиссиянын төрагасына жүктөлөт.
28. Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө экзамендик комиссиялар түзүлөт.
Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу боюнча экзамендик комиссия 3төн кем эмес адамдан турууга тийиш. Комиссиянын курамын ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчиси бекитет.
Комиссияга төмөнкүлөр кирет:
– ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн экиден кем эмес кызматкери, алардын бири комиссиянын төрагасы болуп саналат;
– Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери.
29. Квалификациялык экзамендерди өткөрүү кызматтык нускамасына ылайык квалификациялык экзамендерди өткөрүү боюнча милдеттер жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары (мындан ары – экзаменаторлор) тарабынан жүргүзүлөт.
30. Экзаменаторлор төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
– жогорку юридикалык билими же жер үстүндөгү автомототранспорт каражаттары чөйрөсүндөгү жогорку техникалык билими бар;
– практикалык экзамендер өткөрүлүп жаткан категориялардагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугу бар;
– 3 жылдан кем эмес автомототранспорт каражаттарын башкаруу стажы бар.
31. Квалификациялык экзамендерди тапшыра албаган, экзаменаторлорго же экзамендерди кабыл алуу жол-жобосуна дооматтары болгон талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазуу жүзүндө экзаменаторлордун иш-аракеттерине же экзамендерди кабыл алуу жол-жобосуна даттанууга укуктуу.
3. Улуттук жана убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер берилген жана квалификациялык экзамендердин натыйжалары оң болгон шартта талапкер төрт жумуш күн аяктагандан кийин же шашылыш тартипте төмөнкүдөй мөөнөттөрдө улуттук айдоочулук күбөлүктү алууга укуктуу:
– 3 жумуш саатта;
– 1 жумуш күндө;
– 2 жумуш күндө.
Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
321. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча окуу уюмунда курстун жалпы узактыгына карабастан узактыгы төрт айдан кем эмес окуудан өткөн, ыйгарым укуктуу органда транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге анын арызы боюнча Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө түзүлүүчү убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
322. Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген шартта берилет.