Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-майы № 352
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартибин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
– 1-пунктта «улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү» деген сөздөр «улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункт «улуттук» деген сөздөн кийин «, убактылуу улуттук» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3-пункттун биринчи абзацында «улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү» деген сөздөр «улуттук, убактылуу улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 11-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– айдоочулук курамды даярдаган окутуу уюмдары тарабынан берилүүчү бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча курстарды аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк, ал эми убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктү алууга квалификациялык экзамендерди тапшыруу үчүн – минималдуу окуу мезгилинен (4 айдан кем эмес) өткөндүгүн ырастоочу маалымкат, ал кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө таризделиши мүмкүн жана ушул Эрежелердин 325-пунктуна ылайык убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк алынган күндөн тартып күчүн жоготконго чейин колдонулат;»;
– 3-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3. Улуттук жана убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартиби»;
төмөнкүдөй мазмундагы 321–325-пункттар менен толукталсын:
«321. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча окуу уюмунда курстун жалпы узактыгына карабастан узактыгы төрт айдан кем эмес окуудан өткөн, ыйгарым укуктуу органда транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге анын арызы боюнча Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө түзүлүүчү убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилет.
322. Убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген шартта берилет.