Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү
уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко
эсептелген каржылоонун типтүү ченемдери
| (сом) | |||
Чыгымдардын багыты | Балдардын болуу узактыгына жараша мектепке чейинки билим берүү уюмдары (МБУ) | |||
3 сааттык (өз алдынча МБУ жана МБУнун/ билим берүү уюмунун алдындагы) | 10-24 сааттык | |||
1 балага | 1 топко | 1 балага | 1 топко | |
Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатуу жана инфраструктураны, имараттарды жана жайларды кармоо чыгымдары | 132 | 3 910 | 132 | 3 960 |
анын ичинде төмөнкүлөргө чыгымдар: |
|
|
|
|
педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатуу | 10 | 250 | 10 | 300 |
чарбалык-тиричилик керектөөлөрү | 64 | 1 920 | 64 | 1 920 |
учурдагы оңдоо | 58 | 1 740 | 58 | 1 740 |
1 балага бардык чыгымдар | 132 | 3 910 | 132 | 3 960 |
Типтүү ченемдер ушул Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдеринин тиркемесинде келтирилген Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасына ылайык эсептелген. | ||||
| Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдерине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим
берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун
типтүү ченемдерин аныктоо методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ченемдин түзүмү
3-глава. Ченемди эсептөө
4-глава. Ченемди эсептөө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасында колдонулган ыкманын негизи мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бир балага/топко эсептелген бюджетин пландоо болуп саналат.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ченеми (мындан ары - ченем) – «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарынын ченемдеринин наркын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомдору менен бекитилген ченемдер колдонулат.
2-глава. Ченемдин түзүмү
4. Ченем мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын төмөнкүдөй учурдагы чыгымдарын камтыйт:
1) педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга;