Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-декабры № 1158-т
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Билим берүү уюмдарынын айрым категориядагы бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизилүүчү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеги тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүрүүчүлөрдү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Билим берүү уюмдарынын айрым категориядагы бүтүрүүчүлөрү
жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизилүүчү мамлекеттик органдардын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы | Билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн категориялары |
1 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты | 1. “Акылман” президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрү (мындан ары – “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү) 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү (мындан ары – чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү) |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
3 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
|
| 3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрү (мындан ары – өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү) |
4 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү 3. Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
5 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү 3. Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
6 | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
7 | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү 3. Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
8 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү 3. Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
9 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү 3. Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
10 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
11 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча | Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
| улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору |
|
12 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү 3. Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
13 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү 3. Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
14 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
15 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү | Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
16 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
17 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү | Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
18 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
19 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү | Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
20 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |
21 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 1. “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү 2. Чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү |