Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 19-декабры № 05/2-17/343
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарылган балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө
Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 13-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
– Балык өндүрмөлүгүн, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүнү жана балык запастарын көбөйтүүнү уюштуруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
– Аквакультура жана балык уулоо максатында балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
– Балыкты акклиматизациялоо, коё берүү, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоо участокторун балыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба фондун пайдалануу тартиби 4-тиркемеге ылайык;
– Балык уулоо эрежелерин жана өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттерине киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмеги 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарбасы, ветеринария, жайыт жана тоют башкармалыгы үч жумуш күндүн ичинде:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин м.у.а, министрдин биринчи орун басары |
| Ж.К. Керималиев |
|
| Тиркеме 2 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 05/2-17/343 буйругуна) |
Аквакультура жана балык уулоо максатында балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмеги
№ | Көлмөнүн аталышы жана жайгашкан жери | Көлмөнүн контурун номуру же координаттары 2-ГИС | Көлмөнүн аянты (га) |
| ||
|
| |||||
|
|
| ||||
1 | 2 | 3 | 4 |
| ||
Мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрү |
| |||||
1 | Ысык-Көл көлү, Ысык-Көл облусу | 42.441248, 77.267044 | 23 600 га |
| ||
2 | Соң-Көл көлү, Нарын облусу | 41.839669, 75.151332 | 27 000 га |
| ||
3* | Токтогул суу сактагычы, Жалал-Абад облусу | 41.795962, 72.882987 | 26500 га |
| ||
4 | Киров суу сактагычы, Талас облусу | 42.640417, 71.634769 | 2800 га |
| ||
5* | Орто-Токой суу сактагычы, Нарын облусу | 42.312254, 75.942316 | 1200 га |
| ||
6 | Базар-Коргон суу сактагычы, Жалал-Абад облусу | 40.976227, 72.797881 | 231 га |
| ||
Балык чарба көлмөлөрү (көлдөр, суу сактагычтар, ДЖБ, СЖБ (БДР, БСР) |
| |||||
Чүй облусу |
| |||||
Панфилов району |
| |||||
2. | Курама айыл аймагы |
| ||||
2.1* | “Опери” көлмөсү | № 96 контуру | 1,5 га |
| ||
2.2* | “Болотбек” СЖБ | № 996 контуру | 2,0 га |
| ||
2.3* | “Панфиловское-1” суу сактагычы | № 717 контуру | 40 га |
| ||
2.4* | “Панфиловское-2” суу сактагычы | 42.809929, 73.616871 | 62 га |
| ||
3. Күрпүлдөк айыл аймагы |
| |||||
3.1* | “Чалдовар –Чилик Кудук “Кайындысай” көлмөсү | 43.027368, 73.546957 | 3,0 га |
| ||
3.2* | “Кара-Тума” суу сактагычы | №508 контуру | 147 га |
| ||
3.3* | “Верхний Пучук-1” суу сактагычы | №21 контуру | 60 га |
| ||
3.4* | “Нижний Пучук-2” суу сактагычы | №186 контуру | 40 га |
| ||
3.5* | Суу сактагыч «Агермень» | №544 контуру | 34 га |
| ||
3.6 | Көлмө | №124 контуру | 10,5 |
| ||
3.7 | Көл | №124 контуру | 10,5 га |
| ||
3.8 | Көлмө | №634 контуру | 4.0 га |
| ||
4. Фрунзе айыл аймагы |
| |||||
4.1 | Көлмө | №173 контуру | 5,5 га |
| ||
4.2 | Көлмө | №176 контуру | 5,6 га |
| ||
4.3 | Көлмө | №173 контуру | 5,5 га |
| ||
4.4 | Көлмө | №267 контуру | 6,4 га |
| ||
4.5 | Көлмө | №361 контуру | 6,0 га |
| ||
5. Орто-Кайынды айыл аймагы |
| |||||
5.1* |
| |||||