Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 12
Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомунун редакциясына ылайык)
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы ", Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун 3-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 3-пунктчасы.
4. Иш-чараларды каржылоо республикалык бюджетте интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-январындагы № 6 (3559) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобого 16-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - СБ мамреестри) салттуу билимдерди каттоо, салттуу билимдерди пайдалануу укугун берүү, катталган салттуу билимдерди пайдалануу укугун (мындан ары - күбөлүк), ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн арналган расмий документ болуп саналат.
2. СБ мамреестрине салттуу билим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп салттуу билимди каттоо, катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жана аларды пайдалануу укугун каттоо жөнүндө чечим жана каттоо, жарыялоо жана күбөлүк берүү үчүн алымды төлөө эсептелет.
3. Салттуу билимди каттоодо жана аны пайдалануу укугун берүүдө СБ мамреестрине төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) салттуу билимди каттоо номери/салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктүн номери;
2) СБ мамреестринде салттуу билим катталган дата;
3) салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү бүткөн дата;
4) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
5) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген дата;
6) салттуу билимдин аталышы;
7) билдирилген салттуу билимдин сыпаттамасы;
8) күбөлүктүн ээси жөнүндө маалыматтар: юридикалык жактын толук аталышы, анын турган жери, жеке жактын аты-жөнү, анын жашаган жери;
9) өтүнмө ээсинин өкүлүнүн аты-жөнү;
10) кат алышуу үчүн дареги;
11) салттуу билимди каттоо жөнүндө маалыматтар жана күбөлүктү берүү жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата.