Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-февралы № 154
Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753, 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуздар!
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтому менен бул токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.
«Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы N 154 токтому менен бекитилген |
Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753, 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Эрежелер коргоо алууга укугу бар адамдардын чөйрөсүнүн өтүнмө берүү жол-жоболорун жөнгө салат, ошондой эле берилүүчү өтүнмөгө жана аларга тиркелүүчү документтерге коюлуучу талаптарды белгилейт, салттуу билим деген түшүнүктү аныктайт, салттуу билимдер катары катталуучу объектилерди тактап белгилейт.