Редакцияот 21.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 21-январы № 26-т

 

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаары, Ленин району, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 176 кв. м, идентификациялык коду 1-01-12-0014-1018 болгон жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда менчик укугун кайра каттоону жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;

3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

4) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;

5) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;

6) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А.Касымалиев