Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАСЫНЫН БУЙРУГУ
2025-жылдын 12-декабры № 305
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 1, 2-пункттарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине (мындан ары – БР) киргизилген, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары ушул буйруктун тиркемелерине ылайык бекитилсин:
1) Туулгандыгын каттоо (1-тиркеме БРнын 4-главасынын 16-пунктуна ылайык);
2) Жаңы төрөлгөн балдарды салтанаттуу каттоону жүргүзүү (2-тиркеме БРнын 4-главасынын 17-пунктуна ылайык);
3) Никеге турууну каттоо (3-тиркеме БРнын 4-главасынын 18-пунктуна ылайык);
4) Никеге турууну салтанаттуу каттоону жүргүзүү (4-тиркеме БРнын 4-главасынын 19-пунктуна ылайык);
5) Никени бузууну каттоо (5-тиркеме БРнын 4-главасынын 20-пунктуна ылайык);
6) Өлүмдү каттоо (6-тиркеме БРнын 4-главасынын 21-пунктуна ылайык);
7) Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоо (7-тиркеме БРнын 4-главасынын 22-пунктуна ылайык);
8) Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү тез арада каттоо (8-тиркеме БРнын 4-главасынын 23-пунктуна ылайык);
9) Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, билдирүүлөрдү, жарандык абалдын актыларынын көчүрмөлөрүн кайталап берүү (9-тиркеме БРнын 4-главасынын 24-пунктуна ылайык);
10) Жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү (10-тиркеме БРнын 4-главасынын 25-пунктуна ылайык);
11) Жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоолорду, толуктоолорду тез арада киргизүү (11-тиркеме БРнын 4-главасынын 26-пунктуна ылайык);
12) Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап туруу үчүн туруктуу жана убактылуу уруксатты тариздөө, узартуу (12-тиркеме БРнын 4-главасынын 28-пунктуна ылайык);
13) Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга чек ара аймагына кыска убакытка келүүсү үчүн уруксаттарды тариздөө (13-тиркеме БРнын 4-главасынын 29-пунктуна ылайык);
14) ID-card формасындагы паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү: алмаштыруу, бузулгандыгы, жоголгон паспортту калыбына келтирүү, эркиндигинен ажыратуучу жайдан бошогондугу боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча (14-тиркеме БРнын 4-главасынын 30-пунктуна ылайык);
15) Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы жарандык паспорттор түрүндөгү паспорттор менен документтештирүү (15-тиркеме БРнын 4-главасынын 31-пунктуна ылайык);
16) ID-card жана жалпы жарандык паспорттор түрүндөгү паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын тез арада документтештирүү (16-тиркеме БРнын 4-главасынын 32-пунктуна ылайык);
17) Улуттук паспортторду жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр менен көчмө документтештирүү (17-тиркеме БРнын 4-главасынын 33-пунктуна ылайык);
18) Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо (18-тиркеме БРнын 4-главасынын 34-пунктуна ылайык);
19) Улутун өзгөртүү (19-тиркеме БРнын 4-главасынын 35-пунктуна ылайык);
20) Чет мамлекеттик паспортту же аны алмаштыруучу документти каттоо же каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу (Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо) (20-тиркеме БРнын 4-главасынын 36-пунктуна ылайык);
21) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу (21-тиркеме БРнын 4-главасынын 37-пунктуна ылайык);
22) Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо (22-тиркеме БРнын 4-главасынын 38-пунктуна ылайык);
23) Жарандыгы жок адамдын күбөлүктөрүн берүү (23-тиркеме БРнын 4-главасынын 39-пунктуна ылайык);
24) Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жери боюнча каттоо (24-тиркеме БРнын 4-главасынын 40-пунктуна ылайык);
25) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоочу эсептен чыгаруу (25-тиркеме БРнын 4-главасынын 41-пунктуна ылайык);
26) Табылган буюмдар бюросунун маалымкаттарды берүүсү (26-тиркеме БРнын 4-главасынын 42-пунктуна ылайык);
27) Жарандык, калкты каттоо, документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо (27-тиркеме БРнын 6-главасынын 33-пунктуна ылайык);
28) Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада ырастоо (28-тиркеме БРнын 6-главасынын 34-пунктуна ылайык);
29) Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна, төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорго Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун жарактуулугу жана жараксыздыгы жөнүндө маалыматты берүү (29-тиркеме БРнын 6-главасынын 35-пунктуна ылайык).
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси:
- ушул буйрук менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын сактоону камсыз кылсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын маалымат такталарына жайгаштырсын.
3. Маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмү ушул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын расмий веб-сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көчүрмөсүн (мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен эки нускада) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрукту түзүмдүк жана ведомстволук мекемелердин жетекчилерине жеткирсин.
5. Ушул буйрук менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу (туюнтулушун, мазмунун, терминдерди, санариптик маалыматтарды жана башка параметрлерди колдонууну кошкондо) үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси жооптуу деп эсептелсин.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары А.Б. Раимбековго жүктөлсүн.