Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 32
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52 мекемелерин жоюу жөнүндө
“Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төмөнкү мекемелери жоюлсун:
– Чүй облусу, Ысык-Ата району, Молдовановка айылы дарегинде жайгашкан № 26 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;
– Ош шаары, А. Мамыров көчөсү, 105А дарегинде жайгашкан № 42 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;
– Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, Н. Жусубалиев көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан № 43 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;
– Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары, 3-кичи району, 107 дарегинде жайгашкан № 44 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;
– Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Фрунзе көчөсү, 120 дарегинде жайгашкан № 45 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;
– Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары, Б. Осмонов көчөсү, 28 дарегинде жайгашкан № 52 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерди жоюу жол-жобосун жүргүзүү боюнча жоюу комиссиясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы:
1) жоюулуучу мекемелердин финансылык милдеттенмелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы карыздары боюнча маселелерди чечсин;
2) жоюлуучу мекемелердин мүлкүн эсепке алууну жүргүзсүн;
3) жоюлуучу мекемелердин жоюу балансын даярдасын;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык жана жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрсүн.