Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 31-январы № 47-т
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Швейцариянын Федералдык кеңешинин ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык автомобилдик ташуу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Швейцариянын Федералдык кеңешинин ортосундагы
Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык автомобилдик ташуу жөнүндө
макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Швейцариянын Федералдык кеңеши эки өлкөнүн ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобиль ташууларды жана алардын аймактары аркылуу транзитти жеңилдетүүгө ниеттенип төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- берене Колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуунун жоболору эки Тараптын тең мамлекеттеринин ташуучуларына Тараптардын аймактарынын ортосунда же алардын аймактары аркылуу транзит менен, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө же үчүнчү өлкөлөрдөн жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууну жүзөгө ашырууга укук берет.
2-берене Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) аймак – ташуучу туруктуу катталган жана транспорт каражаты катталган эки Тараптын биринин мамлекетинин аймагы же ташуучу өз ишин ошол жерде уюмдаштырбаган жана өзүнүн транспорт каражатын ошол жерде каттоодон өткөрбөгөн Тараптардын Мамлекеттеринин биринин аймагы;
2) транспорт – бош же жүктөлгөн транспорт каражатын эксплуатациялоо;
3) ташуучу – Тараптардын каалаган мамлекетинин аймагында туруктуу жайгашкан жана ошол Тараптын мамлекетинин тиешелүү улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу каалагандай жеке же юридикалык жак;
4) транспорт каражаты:
а) жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда – автобус, башкача айтканда жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочулук орунду кошкондо тогуздан ашык жүргүнчү оруну бар жана Тараптардын биринин аймагында катталган механикалык транспорт каражаты;
б) жүк ташуу учурунда – жүк ташуучу автомобиль, чиркегичи менен жүк ташыгыч, отургузма тарткыч же чиркегичи менен отургузма тарткыч, башкача айтканда жүк ташуу үчүн арналган жана Тараптардын биринин аймагында катталган моторлоштурулган транспорт каражаты. Эгерде ташуулар ар кайсы өлкөдө катталган бирдиктерден турган транспорт каражаттарынын курамы менен ишке ашырылса, анда транспорт каражаттарынын курамына карата, эгерде ушул тарткыч эки Тараптын мамлекеттеринин биринде катталган учурда гана ушул Макулдашуунун жоболору колдонулат;