Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 9-февралы № 110-чуа
Курулуш иштеринин сметалык наркынын инфляция деңгээлине (керектөө бааларынын индексине) негизделген өзгөрүү индекстерин эсептөө боюнча пилоттук методиканы бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 26-майындагы № 117-чуа, 2026-жылдын 22-июнундагы № 419 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Курулуш иштеринин сметалык наркын аныктоонун экономикалык негиздүүлүгүн, актуалдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды пландаштыруунун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Курулуш иштеринин сметалык наркынын өзгөрүү индекстерин инфляциянын деңгээлинин (керектөө бааларынын индексинин) негизинде эсептөө боюнча пилоттук методика тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-майындагы № 4-чуа буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Курулуш өндүрүмүнүн наркын эсептеп чыгарууда кошумча чыгымдардын өлчөмүн эсептеп чыгуунун тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөргө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 4.4-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Курулуштагы сметалык пайданын өлчөмүн аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөргө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 4.4-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоочу усулдук көрсөтмөлөргө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2.3-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3.27-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3.30-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3.30-пунктундагы «учурдагы жана болжолдуу индекстер системасы» деген сөздөр «сметалык нарктын өзгөрүүсүнүн расмий индекстери жана инфляция көрсөткүчтөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3.32-пунктундагы «базалык-индекстик ыкма» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 4.102-пунктунун Эскертүүсүндө «базисттик-индекстик ыкма менен» деген сөздөрдөн кийин «инфляцияны эске алуу менен» деген сөз менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 48-чуа буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.