Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-декабры № 1160-т
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоорлор жактырылсын:
1) Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Өзгөчө кырдаалдарды каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсыктарда жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)” компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашуу 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Табигый кырсыктар болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсыктарда жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)” компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашуу 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкөнүн кызматташуусу жөнүндө кат 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев