Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 19-февралы № 92-т
1995-жылдын 9-февралында Брюссель шаарында кол коюлган, «Европа шериктештиги жана ага мүчө болгон мамлекеттер менен бир жагынан жана экинчи жагынан Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Европа шериктештиги жана ага мүчө болгон мамлекеттер менен бир жагынан жана экинчи жагынан Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы «Санариптештирүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт – 2» (АСТ-63136) программасы боюнча финансылык макулдашуунун расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Финансылык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |