Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралы № 58
Кыргыз Республикасынын Борбордук Азияда жерде жүрүүчү транспорттун өз ара байланышын бекемдөө жөнүндө макулдашууга кошулуусу тууралуу
Эл аралык ташууларды өнүктүрүү үчүн кыргыз ташуучуларына жагымдуу шарттарды түзүү, транспорт кызмат көрсөтүүлөрү рыногунда атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылуу, Борбордук Азия регионунда ташуулар жана транзит процессин жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Борбордук Азияда жерде жүрүүчү транспорттун өз ара байланышын бекемдөө жөнүндө макулдашууга кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кошулгандыгы жөнүндө нотаны депозитарий болуп саналган Тажикстан Республикасына депонирлесин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |