Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 73
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жеке турак үйлөрдү куруу, жер көчкүлөрдүн кесепеттеринин алдын алуу, жарандарды коопсуз зоналарга көчүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 16-январындагы № 04-01/174 корутундусун, Манас (Жалал-Абад) шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 34-т токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын аймагында № 613, № 583 контурларда жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 9,0 га кайрак айдоо жер тилкеси "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) жогоруда аталган жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жер тилкесинин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жана курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн жана эксплуатациялоону, башкы планда каралган сейсмикалык кооптуу иш-чараларга мониторинг жүргүзүүнү жана тиешелүү аймакта кооптуу жаратылыш процесстерин жана кубулуштарын аларды болжолдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен контролдоону;
5) өздүк каражаттарынын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштурууну, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү;
6) жогоруда аталган жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис-археологду тартууну;
7) жогоруда аталган жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону;
10) чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |