Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “09” февралы № 51/XVI – 2
Панфилов районунун прокуратурасынын талабын аткаруу максатында Кайынды шаарынын Мира көчөсү № 14 дарегинде жайгашкан мурунку “Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатынын” 3290,0 ч/м жер тилкесин Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2, 3 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 3-4 беренелерине ылайык, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Панфилов районунун прокуратурасынын талабын аткаруу максатында Кайынды шаарынын Мира көчөсү № 14 дарегинде жайгашкан мурунку “Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатынын” 3290,0 ч/м жер тилкесин Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Панфилов районунун прокуратурасынын талабын аткаруу максатында Кайынды шаарынын Мира көчөсү № 14 дарегинде жайгашкан мурунку “Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатынын” 3290,0 ч/м жер тилкесин Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |