Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-февралы № 52
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун
Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында
жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун,
байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери
жана башка багыттагы жерлер” категориясына
которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруунун системалары үчүн пластмасса буюмдарды өндүрүү боюнча завод куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 01-12/1937 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 27 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагындагы № 1 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 10,0 га кайрак айдоо жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү;
5) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис-археологду тартууну;