Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ |
| КАБИНЕТ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
| ||
2026-жылдын 12-февралы № 93
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 79-б буйругун, Жалал-Абад (Манас) шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 9-декабрындагы № 184 жана 2025-жылдын 2-июлундагы № 146-т токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын аймагында № 220 контурда жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган, жалпы аянты 0,80 га сугат айдоо жер тилкеси асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводду куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жана курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
5) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, ошондой эле башкы планда каралган жер титирөөгө каршы иш-чараларга мониторинг жүргүзүүнү жана тиешелүү аймакта кооптуу табигый процесстерди жана кубулуштарды божомолдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен аларды контролдоону жүзөгө ашырууну;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын төлөөнү;
7) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда алардын сакталышын камсыз кылууну;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, аны алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону;
10) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда экологиялык талаптарды сактоону;
11) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени сактоону.