Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 101 токтомуна)
"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигиндеги "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесинин ишинин маселелерин жөнгө салат.
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Басма үйү) Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигиндеги маалыматтык камсыз кылуу жана басма иши чөйрөсүндө иш жүргүзөт.
2. Төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - Редакциялар) Басма үйүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук "Кыргыз Туусу" гезити;
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук "Слово Кыргызстана" гезити;
- "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналы;
- "Байчечекей" балдар журналы.
3. Басма үйүнүн ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерин чыгаруу;
- "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналын, "Байчечекей" балдар журналын чыгаруу;
- Редакциялардын ишине мультимедиалык форматтарды жана инновациялык маалыматтык технологияларды интеграциялоо.
4. Басма үйү өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
5. Басма үйү мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы жана сметасы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана бланктары, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка мөөрлөрү, штамптары бар.
6. Мамлекеттик мүлк Басма үйүнө ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет.
7. Басма үйүнүн уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
8. Басма үйүнүн маалыматтык ресурстарын басып чыгаруу тилдери болуп мамлекеттик жана расмий тилдер саналат.
9. Басма үйү өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
10. Басма үйүнүн расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Информационно-издательский дом "Кыргыз Туусу";
- англис тилинде: State Institution "Information and Publishing House "Kyrgyz Tuusu".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Туусу" МБҮ;
расмий тилде: ИИД "Кыргыз Туусу";
англис тилинде: IPH "Kyrgyz Tuusu".
11. Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193.
2-глава. Басма үйүнүн максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Басма үйүнүн максаттары төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик органдардын иши, ошондой эле коомдук, социалдык жана мамлекеттик мааниге ээ окуялар жөнүндө ишенимдүү, объективдүү, толук жана өз убагында маалымат менен камсыз кылуу;
- авторлордун чыгармачылык ишин колдоого, ата мекендик жана дүйнөлүк адабиятты популярдаштырууга багытталган маалыматтык-басма платформасын түзүү жана өнүктүрүү;
- балдар үчүн адабий жана таанып-билүүчүлүк материалдарды түзүүгө, чыгарууга жана жайылтууга, балдардын чыгармачылыгын колдоо жана дем берүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган басма ишин уюштуруу жана өнүктүрүү.
13. Басма үйүнүн милдеттери төмөнкүлөр:
- өлкөдөгү жана дүйнөдөгү коомдук-саясий, социалдык, иштиктүү жана маданий турмуштагы окуялар жана процесстер жөнүндө маалыматтык, аналитикалык жана публицистикалык материалдарды жарыялоо;
- социалдык-экономикалык реформаларды, мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүн системалуу жана ырааттуу чагылдыруу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын иши жөнүндө калкка ачык-айкын жана объективдүү маалымдоо;
- авторлордун чыгармачылык демилгелерин колдоого, ата мекендик жана дүйнөлүк адабияттын чыгармаларын жарыялоого, окурмандар аудиториясынын арасында агартуу иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле маданий диалогду чыңдоого жана адабий мураска кызыгууну калыптандырууга багытталган адабий материалдарды чыгарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
- балдардын дүйнө таанымын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө түрткү берген адабий жана таанып-билүүчү материалдарды жарыялоо, балдардын чыгармачылыгын колдоо, ошондой эле окурмандар менен кайтарым байланыш түзүү жана билим берүү демилгелеринин оң тажрыйбасын чагылдыруу;
- Басма үйүнүн расмий интернет-сайттарын, социалдык тармактардагы баракчаларын жана башка санариптик платформаларын өнүктүрүү;
- аудиторияны кеңейтүү үчүн редакциялык материалдарды интернет-мейкиндикте илгерилетүү, жаңы санариптик сервистерди киргизүү.
14. Максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Басма үйү төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- мезгилдүү басылмаларды белгиленген жарыялоо графигин жана редакциялык стандарттарды сактоо менен өз убагында чыгарууну камсыз кылуу;
- "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген экономикалык, саясий, социалдык, маданий жана диний маселелер боюнча материалдарды жарыялоо;
- жеке жана юридикалык жактардан, кызмат адамдарынан маалымат суроо жана чогултуу, анын ичинде расмий документтер менен таанышуу аркылуу жана Басма үйүнө келип түшкөн материалдарда камтылган фактыларды текшерүү максатында менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга кайрылуу;
- бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүү жана жайылтуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
- иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Басма үйүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
- маалыматтык контент алмашуу максатында эл аралык басмаканалар, маалымат агенттиктери жана башка профилдик уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү;
- улуттук жана эл аралык платформаларда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана басма продукциясын жайылтуу, ошондой эле чет өлкөлүк кесиптештер жана өнөктөштөр менен тажрыйба, билим жана технология алмашуу;
- жергиликтүү жана эл аралык мезгилдүү басылмалар, чыгармачыл бирликтер жана башка профилдик уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- китептерди, проспекттерди, жарнамалык буклеттерди жана башка басма продукцияларын чыгаруу;
- балдарга багытталган жомокторду, аңгемелерди жана таанып-билүүчү материалдарды тандоо, редакциялоо жана жарыялоо;
- балдардын чыгармачылыгы үчүн конкурстарды жана акцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
- Басма үйүнүн жана Редакциялардын расмий интернет-ресурстарын, анын ичинде сайттарды, социалдык тармактардагы баракчаларды жана башка интернет-платформаларды жүргүзүү, тескөө жана өнүктүрүү, аларды техникалык жактан коштоо, үзгүлтүксүз жаңыртып туруу;
- Интернет маалымат-телекоммуникациялык тармагына жайгаштыруу үчүн мультимедиалык продукцияны (видео, аудиоматериалдар, инфографика, подкасттар жана контенттин башка формалары), анын ичинде аудиторияны кеңейтүүгө жана жаштардын максаттуу тобун тартууга багытталган видеоблогдорду, подкасттарды жана стримингдик долбоорлорду түзүү жана чыгаруу;
- окурмандар менен өз ара аракеттенүү үчүн Басма үйүнүн онлайн платформаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, анын ичинде кайтарым байланыш механизмдерин ишке киргизүү жана колдоо;
- жазылуучулардын аудиториясын кеңейтүүгө жана көбөйтүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана ушул Жободо белгиленген максаттардан жана милдеттерден келип чыккан башка функцияларды жүзөгө ашыруу.