Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 101
Мезгилдүү басылмаларды кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-январындагы № 1 «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз Туусу» басма үйү», «Слово Кыргызстана» басма үйү» мекемелерин, «Байчечекей» балдар журналынын жана «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын редакцияларын бириктирүү аркылуу «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрү болуп эсептелет деп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» гезити;
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук «Слово Кыргызстана» гезити;
- «Байчечекей» балдар журналы;
- «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы.
4. Ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин курамында түзүлөт, иштейт жана юридикалык жактар болуп саналбайт деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: