Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-февралы № 118-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директоруна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү эки өлкөнүн аймагында жол кыймылын жеңилдетүү кызыкчылыгында, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Беларусь Республикасында берилген улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну жана алмашууну камсыз кылууга ниеттенип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Тараптар алмашууну жүргүзүү максатында Тараптардын биринин мамлекетинин компетенттүү органдары тарабынан берилген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт. Айдоочулук күбөлүктөр теориялык жана/же практикалык экзаменден өтпөстөн, ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн эквиваленттик таблицага ылайык алмаштырылышы керек.
2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жашоого уруксат берилген Тараптардын биринин мамлекетинин компетенттүү органдары берген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктүн ээлери, экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык башка Тарап берген айдоочулук күбөлүккө улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн каалаган убакта кайрыла алышат.
2-берене.
1. Тараптардын биринин компетенттүү органы экинчи Тараптын айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу үчүн өзүнүн улуттук мыйзамдарын колдонот.
2. Тараптар бул Макулдашуунун колдонулушу ушул Макулдашуунун тиркемесинде баяндалган эквиваленттүүлүк таблицасына ылайык айдоочулук күбөлүктөрдүн тиешелүү категорияларына жана класстарына жайылтылат деп макулдашат.
3-берене.
Алмашуу үчүн берилген айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугуна же аныктыгына байланышкан күмөн саноолор пайда болгон учурда, алмашууну жүзөгө ашырган компетенттүү орган экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын же жарактуулугун текшерүү үчүн кайрыла алат.
4-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейинки 30 календардык күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине төмөнкүдөй маалыматтарды беришет:
а) өздөрүнүн компетенттүү органдарынын толук аталыштары, даректери, телефон жана факс номерлери, электрондук даректери;
б) колдонуудагы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрү.
2. Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу айдоочулук күбөлүктөргө кандай гана болбосун өзгөртүүлөр же улуттук мыйзамдардагы ушул Макулдашууну жүзөгө ашырууга таасир этиши мүмкүн болгон кандайдыр бир өзгөртүүлөр же оңдоолор жөнүндө, ошондой эле өздөрүнүн компетенттүү органдарынын байланыш маалыматтарындагы кандай болбосун өзгөртүүлөр жөнүндө дароо маалымдашат.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун 3 жана 4-беренелеринде көрсөтүлгөн Тараптар ортосундагы байланыш орус тилинде жүргүзүлөт.
6-берене.
1. Ушул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктары жана милдеттенмелери үчүн зыян келтирбестен колдонулат.
2. Тараптардын ар бири өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун алкагында иштетилүүчү башка Тараптын субъекттеринин жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылууга милдеттенет.
3. Компетенттүү органдар берилген жеке маалыматтарды ушул Макулдашууда каралбаган башка максаттарда колдонбоого жана аларды экинчи Тараптын жана жеке маалыматтар субъектисинин алдын ала макулдугусуз үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттенет.
4. Ушул Макулдашуу Тараптардын ар биринин мамлекетинин колдонуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
7-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдөн же колдонуудан келип чыгуучу ар кандай талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8-берене.
1. Ушул Макулдашуу Тараптардын бардык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө көрсөтүүсү менен акыркы билдирүүнү алган күндөн кийинки отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу чектелбеген мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын кайсынысы болбосун ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлай алат. Макулдашуу экинчи Тарап мындай билдирүүнү алгандан кийин отузунчу (30) күнү токтотулат.
3. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул берененин 1-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирүүчү тиешелүү протокол менен таризделет.
______________ шаарында 2026-жылдын "___" ____________ мамлекеттик жана расмий тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер аутенттүү.
Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда чечмелөө максатында расмий тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашууга тиркеме |
Айдоочулук күбөлүктөрдүн эквиваленттүүлүк ТАБЛИЦАСЫ (Беларусь Республикасына берилген айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргыз Республикасында берилген тиешелүү категориядагы/ички категориядагы айдоочулук күбөлүктөргө алмаштыруу)
Кыргыз Республикасы | Беларусь Республикасы | Эскертүү |
А | А |
|
А1 | А1 |
|
В | В |
|
В1 | В |
|
С | С |
|
С1 | С |
|
D | D |
|
D1 | D |
|
BE | BE |
|
СЕ | СЕ |
|
С1Е | СЕ |
|
DE | DE |
|
DIE | DE |
|
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү жана күбөлүктүн ээсине башкарууга уруксат берилген транспорт каражаттарынын түрлөрү
1) "А" - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашкан максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашкан мотоциклдер - он алты жашка толгон адамдарга;
2) "А1" - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) - он алты жашка толгон адамдарга;
3) "В" - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары, отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он жети жашка толгон адамдарга;
4) "В1" - моторлоштурулган трициклдер, квадроциклдер - он алты жашка толгон адамдарга;
5) "С" - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан автомобилдер ("Д" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он сегиз жашка толгон адамдарга;
6) "С1" - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан, бирок 7500 кг ашпаган автомобилдер ("Д" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) - он сегиз жашка толгон адамдарга;
7) "D" - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары, он алты жана андан көп отуруучу орундары бар автомобилдер - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
8) "D1" - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары, сегизден он алтыга чейин отуруучу орундары бар автомобилдер - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
9) "ВЕ" - уруксат берилген массасы 750 кг ашкан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан чиркегич чиркелген "В" категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан "В" категориясындагы автомобилдер - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка толгон адамдарга;
10) "СЕ" - уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан чиркегич чиркелген "С" категориясындагы автомобилдер - үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
11) "С1Е" - уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кг ашпаган "С" категориясындагы автомобилдер - үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
12) "DE" - уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, чиркегич чиркелген "D" категориясындагы автомобилдер - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга;
13) "DIE" - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналбаган, уруксат берилген массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кг ашпаган "D1" (ички категориядагы) автомобилдер - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
Беларусь Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү жана күбөлүктүн ээсине айдоого уруксат берилген транспорт каражаттарынын түрлөрү
1) "А" - мотоциклдер;
2) "А1" - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашпаган (ички күйүүчү кыймылдаткычы болсо) жана максималдуу кубаттуулугу (бардык кыймылдаткычтарда) 11 кВт ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер);
3) "B" - техникалык жол берилген жалпы массасы 3500 кг ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары, отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер; техникалык жол берилген жалпы массасы 750 кг ашпаган, чиркегич чиркелген "В" категориясындагы автомобиль; техникалык жол берилген жалпы массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми курамын түзгөн автомобиль менен чиркегичтин техникалык жол берилген жалпы массасы жалпысынан 3500 кг ашпаган, чиркегич чиркелген "В" категориясындагы автомобиль;
4) "C" - "D" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары, техникалык жол берилген жалпы массасы 3500 кг ашкан автомобилдер; техникалык жол берилген жалпы массасы 750 кг ашпаган, чиркегич чиркелген "С" категориясындагы автомобиль;
5) "D" - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары, сегиз жана андан көп отуруучу орундары бар автомобилдер; техникалык жол берилген жалпы массасы 750 кг ашпаган, чиркегич чиркелген "D" категориясындагы автомобиль;
6) "BE" -техникалык жол берилген жалпы массасы 750 кг ашкан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан, чиркегич чиркелген "В" категориясындагы автомобиль; техникалык жол берилген жалпы массасы 750 кг ашкан, ал эми курамын түзгөн автомобиль менен чиркегичтин техникалык жол берилген жалпы массасы суммалык түрдө 3500 кг ашкан "В" категориясындагы автомобиль;
7) "CE" - техникалык жол берилген жалпы массасы 750 кг ашкан, чиркегич чиркелген "C" категориясындагы автомобиль;
8) "DE" - техникалык жол берилген жалпы массасы 750 кг ашкан, чиркегич чиркелген "C" категориясындагы автомобиль.