Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-марты № 172
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик базасын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 2-декабрындагы № 01-17/5526 жана 2025-жылдын 12-декабрындагы № 01-17/5743 корутундуларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 396-т жана 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 399-б токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын № 4, № 129 контурларында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 13,20 га болгон сугат айдоо жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик базасын куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) жогоруда аталган жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жогоруда аталган жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
5) жогоруда аталган жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык адис-археологду тартууну;
6) чарбалык жана башка ишти жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону;
8) долбоорлоо жана курулуш иштеринин баштапкы этабында Кыргыз Республикасынын авиация жаатындагы ченемдик укуктук актыларын сактоону;
9) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана жогоруда аталган жер тилкесинде кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 19 (3779) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |