Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 95
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 8, 11-беренелеринин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 "Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибинде:
1) 2-пункттун 2-пунктчасында "5-статьянын 2-пунктунда, 5-1-статьясында, 7-статьянын 2, 3-пункттарында," деген сөздөр алып салынсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ыйгарым укуктуу салык органына эмгек жана эмгек акы боюнча статистикалык отчеттуулуктун жылдык маалыматтар базасынан "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү көлөмүн аныктоо үчүн өткөн календардык жыл үчүн республика боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат берет.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускамада:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 5-6-пунктча менен толукталсын:
"5-6. Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн жүргүзүлөт.";
2) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Эгерде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ар айлык өлчөмү 5-пункттун 1, 2-пунктчаларына ылайык эсептелген суммадан орточо айлык акынын өлчөмүнүн тиешелүүлүгүнө жараша 60 же 100 пайызынан аз болсо, анда кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, кармоо жана төгүү иш жүзүндөгү ЭТФдан жана эмгек акы төлөөнүн кошумча фондунан иш берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрү иш берүүчү тарабынан иш жүзүндө эсептелген эмгек акыдан эсептелет, кармалат жана төгүлөт.
Календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 2-2-статьяларына ылайык колдонулуучу тарифтерге жана суммалардын фонддор боюнча бөлүштүрүлүшүнө карабастан, өткөн календардык жыл үчүн республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын жыйырма эселенген өлчөмүнөн эсептелген суммадан ашпоого тийиш.
Мисалы: эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү чоңдугун эсептөө:
1) (31604 сом * 20 * 27,25%) = 172242 сом;
2) (31604 сом * 20 * 12,25%) = 77430 сом,
мында:
- 31604 сом - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык өткөн календардык жыл үчүн республика боюнча орточо айлык эмгек акы (ОАЭ);
- 20 эселенген ОАЭ;
- 27,25%, 12,25% - "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 2-2-статьяларына ылайык тарифтин ставкалары.
Эгерде календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү чоңдугунан ашса, анда бул суммалардын айырмасы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттордо чагылдырылбайт.";
3) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Бир эле мезгилде төлөөчүлөрдүн бир нече категориясына кирген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн ар бир негиз боюнча өзүнчө эсептейт жана төлөйт.
Мисалы:
Жаран К.Иманов, негизги иштеген жери - Сокулук району, "А" фирмасы. Мындан тышкары, жаран К.Имановдун менчигинде Сокулук районунда 3 га сугат айдоо жери бар, ошондой эле Бишкек шаарында жайды кампа катары ижарага берет.
Жаран К.Имановдун камсыздандыруу төгүмдөрү төмөнкүдөй эсептелет жана төлөнөт:
1) "А" фирмасындагы эмгек акысы боюнча ай сайын;
2) Сокулук районундагы жер үлүшүнө ээлик кылгандыгы үчүн - милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат же "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 11-пунктуна ылайык ыктыярдуу төлөйт;
3) кыймылсыз мүлктү ижарага бергендиги үчүн - ай сайын Бишкек шаары боюнча түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10%.
Эгерде өзгөчө режимдеги соода чөлкөмүндө соода кылган төлөөчү бир эле салык органы тарабынан башкарылуучу аймакта бир нече соода түйүндөрүнө ээ болсо, анда бир камсыздандыруу полиси алынат.
Эгерде өзгөчө режимдеги соода чөлкөмүндө соода кылган төлөөчү ар башка салык органдары тарабынан башкарылуучу аймактарда бир нече соода түйүндөрүнө ээ болсо, анда камсыздандыруу полиси ар бир салык органында өзүнчө алынат.";
4) 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:
"22-1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр эсептешүү ведомостунун реквизиттерин толтуруунун төмөнкүдөй талаптарын сактоого тийиш:
1) кызматкер акы төлөнүүчү өргүүдө болгондо толук календардык ай мезгили көрсөтүлөт;
2) кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу жок болгондо толук календардык ай мезгили көрсөтүлөт;
3) күндөрдүн саны - бир айдын ичиндеги 31 күндөн ашпаган иш күндөрдүн саны көрсөтүлөт, цифралардан турат;
4) иш жүзүндөгү күндөрдүн саны - ай ичиндеги иш жүзүндө иштеген күндөр, цифралардан турат. Мисалы: