Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-марты № 142
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясынын Чельпек айыл аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Подстанцияны куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 01-9-2523 корутундусун жана Каракол шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 130 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясынын Чельпек айыл аймактык башкармалыгынын № 730 контурунда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 6,0 га кайрак айдоо жер тилкеси подстанцияны куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
7) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис-археологду тартууну;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |