Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-марты № 198
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун
Кароол айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин
«Суу фондунун жерлери» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылында маданий-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттерди куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 105-беренелерине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 16-декабрындагы № 01-39/4999 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 8-декабрындагы № 01-13/84 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 5,0 га болгон жер тилкеси, анын ичинде: № 127 (1,81 га), № 149 (0,42 га), № 312 (0,55 га), № 393 (0,12 га) контурлардагы жалпы аянты 2,90 га болгон сугат айдоо жерлери, № 247 (0,10 га), № 135 (0,10 га) контурлардагы жалпы аянты 0,20 га болгон суу астындагы жерлер, № 381 (0,73 га), № 394 (0,02 га) контурлардагы жалпы аянты 0,75 га болгон кумдар, № 134 (0,94 га), № 150 (0,21 га) контурлардагы жалпы аянты 1,15 га болгон башка жерлер маданий-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттерди куруу үчүн «Суу фондунун жерлери» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу, архитектура жана энергетика чөйрөсүндөгү, ошондой эле автомобиль жолдору, суу жана жер ресурстары чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын сактоону;
5) чарбалык жана башка ишти жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
6) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда алардын Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сакталышын;
9) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
10) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 24 (3784) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |