Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-апрели № 222
Жүктөрдү эл аралык темир жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
Темир жолдорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 17-ноябрында Женевада кабыл алынган Жүктөрдү эл аралык темир жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенцияга кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |