Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-июлундагы № 408 «Кыргыз Республикасынын
Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр»
мамлекеттик ишканасынын «Балыкчы»
филиалынын Балыкчы шаарында жайгашкан
№ 1 жана № 2 портторун тиешелүү мүлктүк комплекстери
жана штаттык саны менен Балыкчы шаарынын
мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомунун «Балыкчы» филиалы өзүнүн уставдык милдеттерин үзгүлтүксүз аткаруу үчүн анын көмүр менен камсыздоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-июлундагы № 408 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Балыкчы» филиалынын Балыкчы шаарында жайгашкан № 1 жана № 2 портторун тиешелүү мүлктүк комплекстери жана штаттык саны менен Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |