Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-июлу № 408
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Балыкчы" филиалынын Балыкчы шаарында жайгашкан № 1 жана № 2 портторун тиешелүү мүлктүк комплекстери жана штаттык саны менен Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Балыкчы" филиалынын тиешелүү мүлктүк комплекстери жана штаттык саны менен мамлекеттик менчиктеги төмөнкү объекттерин белгиленген тартипте Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Озерная көчөсү, 221 дареги боюнча жайгашкан, аянты 16170,0 кв.м жер участогу менен № 1 порт, идентификациялык коду: 2-07-02-0030-0097;
- Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Озерная көчөсү, 303 дареги боюнча жайгашкан, аянты 45641,0 кв.м жер участогу менен № 2 порт, идентификациялык коду: 2-07-05-0041-0062 (мурда - 2-07-02-0041-0062).
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Балыкчы шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда менчик укугун кайра каттоо;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;
5) өткөрүп берилүүчү объекттерди максаттуу багыты боюнча - Ысык-Көлдүн жээгинде маданий-ден соолукту чыңдоо борборун уюштуруу, туристтик маршруттарды жана сууда сейилдөөнү өнүктүрүү, ошондой эле Балыкчы шаарында жаңы туристтик кластерлерди түзүү үчүн пайдалануу;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди андан ары ээликтен ажыратпоо.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| Д.Дж. Амангельдиев |