Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 296 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 15-майы № 295

Мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун уставынын 94-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргыз Республикасынын улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагалыгына шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Касымалиев Адылбек Алешовичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын ичинен "Кыргыз Республикасынын улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Торобаев Бакыт Эргешевичтин жана Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбековичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев