Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 14-апрели № 05/2-17/88
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволукбөлүмдөрүнүнкызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилеринин эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилеринин бирдиктүү эрежелери 1 тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү 2 тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү 3 тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү 4 тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү 5 тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 23-октябрындагы № 382-ни “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Мал чарбасы, ветеринария, жайыт жана тоют башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйруктун көчүрмөсүн жарыялаган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Министрликтин бөлүмдөрү жана финансы тармагын тейлеген ведомстволук бөлүмдөрү ведомстволук форма кийими менен камсыздоо бөлүгүндө тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде ушул буйруктун аткарылышын камсыз кылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а., министрдин орун басары |
| М.И. Дуйшеев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилеринин бирдиктүү эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү, сүрөттөө жана айырмалоо белгилеринин ушул эрежелери (мындан ары – Министрлик, эрежелер) формалык кийим кийүүнүн бирдиктүү тартибин, тышкы көрүнүшкө, шеврондордун жана айырмалоочу белгилердин жайгашуусуна талаптарды аныктайт.
2. Мамлекеттик жарандык кызматтын ыйгарылган класстык чендерине ылайык Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери формалык кийим кийүү укугуна ээ.
3. Формалык кийим бирдиктүү стилде бекитилип, кочкул көк түстө жасалат. Ысык аба ырайы учурунда өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн кызматкерлер үчүн боз түстөгү кийим элементтерине жол берилет.
4. Формалык кийим төмөнкүлөр үчүн арналган:
– Министрликтин кызматкерлерин идентификациялоого;
– бирдиктүү кызматтык тышкы көрүнүштү камсыз кылууга;
– жарандардын жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ишенимин жогорулатууга;
– контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө.
5. Бул Эрежелерде төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
– формалык кийимдин предметтери – Министрликтин буйругу менен белгиленген формалык кийимдин, бут кийимдин предметтери;
– шеврондор – ушул Эрежелерге ылайык тагылуучу жең жана төш белгилер.
2. Формалык кийимдердин түрлөрү
6. Формалык кийим төмөнкүлөргө бөлүнөт:
– өкүлдүк;
– күнүмдүк;
– атайын.
7. Бул формалардын ар бири кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы болуп бөлүнөт.
8. Белгиленген тартипте жарандык кийим кийүүгө уруксат берилген адамдарды кошпогондо, кызматкерлер кызматтык мезгилде алар үчүн белгиленген формалык кийимди кийүүгө милдеттүү.
9. Өкүлдүк формалык кийим кийилет:
– ант берүүдө;
– мамлекеттик сыйлыктарды алууда;
– класстык ченди ыйгарууда;
– мамлекеттик майрамдарда жана кесиптик майрамдарда;
– салтанаттуу отурумдарда, эл аралык форумдарда, расмий кабыл алууларда.
Өкүлдүк форма ордендер, медалдар же сыйлыктардын символдору жана төш белгилер менен тагылат.
10. Күнүмдүк формалык кийим кийилет:
– коллегиянын отурумдарында;
– ведомстволук сыйлыктарды алууда;
– аттестациядан өтүүдө;
– кызматтык милдеттерди аткарууда;
– кызматтан тышкаркы убакта (зарыл болгондо).
Күнүмдүк форма ордендикленталар, планкалардагы медалдардын ленталары жана төш белгилер менен тагылат.
11. Атайын формалык кийим төмөнкү учурларда кийилет:
– өткөрүү пункттарында милдеттерин аткарууда;
–текшерүү иш-чараларында, товарларды, транспорт каражаттарын текшерүүдө жана текшерип кароодо;
– ветеринардык, фитосанитардык, жерди жана сууну контролдоо/көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү милдеттерди аткарууда;
– өзгөчө температуралык шарттарда же булгануу шарттарында иштөөдө.
Атайын форманы күнүмдүк кийим катары кийүүгө болбойт. Аны кийип жүрүү тартиби бөлүмдүн жетекчиси тарабынан аныкталат.
3. Формалык кийимдин предметтеринин сүрөттөлүшү
12. Өкүлдүк формалык кийим
Комплект (негизги):
– кышкы же жазгы-күзгү кочкул көк түстөгү пальто;
– өкүлчүлүк моюн орогуч (ак же боз);
– кулакчындуу тумак же бапак (жогорку курам үчүн);
– кочкул көк түстөгү формалык костюм (бир же эки жакка кымтыланма пиджак + түз тигилген шым);
– ак же ачык көк түстөгү узун жеңдүү көйнөк;
– белгиленген үлгүдөгү кочкул көк (же ведомстволук) түстөгү галстук;
– кокарда жана филиграндык боо менен формалык фуражка (эркектер үчүн); берет же пилотка (аялдар үчүн);
– классикалык туфли же кара түстөгү кончсуз бут кийим;
– өкүлдүк погондору (тигилген, жогорку чендер үчүн алтын түстүү);
– төш белгилер, ордендер, медалдар жана сыйлыктардын ленталары (тагынуу эрежелерине ылайык).
13. Күнүмдүк форма кийими
Комплект (негизги):
– кочкул көк түстөгү күнүмдүк күрмө (чечилме же жакага тартылуучу капюшон).
– кеңсе костюму, кочкул көк түстөгү күрмө жана шымдан турат;
– ачык көк же ак түстөгү формалык көйнөк (узун/кыска жең).
– пуловер (жемпир) же кочкул көк түстөгү тегерек/V формасындагы кесиги бар полувер;
– Министрликтин/бөлүмдүн эмблемасы бар кара, кочкул көк же ачык көк түстөгү формалык футболка, поло (жылуу аба ырайында же күрмөнүн ичинен);
– кулакчындуу тумак же формалык кышкы шапке;
– формалык кепка, кызматтык бейсболка же пилотка;
– белгиленген үлгүдөгү күнүмдүк бут кийим (ботинке, кончу жок ботинке, кара түстөгү туфли);
– күнүмдүк погондор (тагылуучу же тигилүүчү);
– төш шеврону жана бөлүмдүн жең шеврону.
14. Атайын формалык кийим
Комплект (негизги):
– кышкы комплект (капюшондуу күрмө жана шым) коргоочу, бычылган (шамалдан жана нымдан коргоочу), кочкул көк түстө же көк камуфляж;
– жаз-күз кийилүүчү жылуу ичтелген күрмө, кочкул көк түстө же көк камуфляж;
– жайкы комплект (күрмө жана шым) коргоочу, бычылган, кочкул көк түстө же көк камуфляж. Ысык аба ырайында өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн кызматкерлер үчүн боз түстөгү кийим элементтерине жол берилет;
– полувер (жемпир) же кочкул көк түстөгү тегерек/V формасындагы кесиги бар полувер;
– кара түстөгү сезондук атайын бут кийим;
– жалтырак элементтери бар сигналдык жилет (кызгылт сары/сары);
– баш кийим: кепка, тору бар бейсболка (жайында), кулакчындуу тумак же астынан кийилүүчү туулга (кышында);
– формалык футболка.
4. Шеврондор жана айырмалоочу белгилер
15. Шеврондор: Жең шеврондору– жеңдердин сырткы тарабында (жогорку чекиттен 12 см); төш шеврондору – сол чөнтөктөн 5 мм жогору, дизайн Министрликтин ведомстволук бөлүмү тарабынан иштелип чыгат.
16. Погондор: катуу/тагылуучу/тигилүүчү. Жогорку курам үчүн – жарык чагылтыргыч тилкеси жок, диаметри 25 мм жылдыздары менен; улук/орто үчүн – жашыл жарык чагылдыргыч, 13-25 мм жылдыздары менен. Жылдыздарды жайгаштыруу – борбордук сызык боюнча.
17. Айырмалоочу белгилер: погондорго жана жакаларга жайгаштырылат (аралыгы 30-100 мм).
5. Ордендерди, медалдарды жана төш белгилерди тагынуу
18. Бажы органдары жана айыл чарба кызматтары үчүн эрежелерге ылайык кийилет: төштүн сол/оң жагына, улуулук тартибинде. Ленталар – планкаларда.
6. Кийип жүрүүгө коюлуучу жалпы талаптар
19. Формалык кийимдердин предметтери белгиленген үлгүлөргө жана сүрөттөмөлөргө ылайык келиши, туура келтирилген, таза абалда кармалышы жана тыкан көрүнүшү керек.
20. Кийүүгө тыюу салынат:
– ушул Эрежелерде жана Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин форма кийимдеринин сүрөттөлүшүндө белгиленген талаптарды бузуу менен тигилген форма кийиминин предметтерин, айырмалоочу белгилерин, төш жана жең белгилерин, далындагы белгилерин, тагылуучу белгилерин;
– жарандык кийимдин предметтери менен бирге формалык кийимдинпредметтерин.
21. Формалык кийим ушул Эрежелерге ылайык так кийилет. Формалык кийим кийүү тартибин бузуу кызматтык тартипти бузуу болуп саналат.
7. Корутунду жоболор
22. Ушул Эрежелердин сакталышын контролдоо бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
23. Бул Эрежелер бекитилген күндөн тартып колдонууга киргизилет жана ведомстволук бөлүмдөр үчүн мурдагы ченемдерди жокко чыгарат.