Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 23-апрели № 284-т
Чүй облусунун Кемин районунун аймагында жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу жолу менен иштеп жаткан канаттуулар комплексин кеңейтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Агро Куш» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Чүй облусунун Кемин районунун аймагында жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу жолу менен иштеп жаткан канаттуулар комплексин кеңейтүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |