Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 28-апрели № 297-т
Атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана булгануунун деңгээлин азайтуу, жарандардын ден соолугун коргоо максатында, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Бишкек, Ош, Манас шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте:
– Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
– квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |