Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-майы № 343-т
Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл регионунун транспорттук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле туристтик жана экономикалык потенциалга дем берүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелеринин негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына (мындан ары – «Кыргыз темир жолу» УК» МИ) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда Балыкчы шаарынан Чолпон-Ата шаарына чейинки темир жол линиясын долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. «Кыргыз темир жолу» УК» МИ кийин курулушу аяктагандан кийин аталган темир жол линиясын өзүнүн балансына кабыл алуу жана аны андан ары күтүүнү камсыз кылуу менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштердин заказчысы болуп аныкталсын.
3. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштер долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу менен аткарылат деп белгиленсин.
4. Ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн заказчы «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кийин маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусун алуу менен Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жол линиясын куруу үчүн, ошондой эле пайдаланылуучу карьерлер жана тиешелүү инфраструктура объекттери үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринде археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аталган темир жол линиясын курууда ар тараптуу, анын ичинде инерттик материалдар менен камсыз кылуу үчүн карьерлерди бөлүүгө көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жол линиясын курууга тоскоолдук кылуучу электр тармактык чарбасынын объекттерин кайра курууга, анын ичинде электр берүү линияларын чыгарууга жана кайра курууга, ошондой эле аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин каражаттарынын эсебинен курулуп жаткан объектти тышкы электр жабдуу менен камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Балыкчы шаарынан Чолпон-Ата шаарына чейинки темир жол линиясын куруу маршрутунун боюнда жайгашкан аймактарда төмөнкү иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылсын:
1) долбоордук документтерге ылайык ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн темир жол линиясын куруу үчүн жер тилкелерин өз убагында бөлүү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
3) белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документтерине ылайык темир жол линиясын куруу үчүн жер тилкелерине укуктарды берүү.
8. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жол линиясын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда «Кыргыз темир жолу» УК» МИге ар тараптуу көмөк көрсөтсүн;
2) зарыл болгон учурда Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жол линиясын жана жол боюндагы инфраструктураны куруу үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» МИге керек болгон жер тилкелерин бөлүү жана пайдалануу укуктарын каттоо/кайра каттоо бөлүгүндө жер-кадастрдык документтерге өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
9. «Кыргыз темир жолу» УК» МИ Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жол линиясын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну каржылоону белгиленген тартипте тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле эл аралык финансы институттарынан тартылган инвестициялардын жана башка булактардын эсебинен камсыз кылсын.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |