Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-февралы № 91-т
Текстиль калдыктарын кайра иштетүү боюнча фабриканы ишке киргизүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Ду Кастомс» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунда текстиль калдыктарын кайра иштетүү боюнча фабриканы ишке киргизүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жогоруда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев