Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 28-апрели № 299-т
Улуттук экономикага түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Ысык-Көл облусунун туристтик чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Чоктал Резорт" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги "Choktal Resort" көп функциялуу туристтик-рекреациялык курортун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |