Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-майы № 330
Кыргыз Республикасынын айрым
аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө
«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 41-статьяларын ишке ашыруу, экосистемалардын сакталышын камсыз кылуу, жаратылыш ландшафттарынын деградацияланышын жана бузулушун болтурбоо, парктык-пляждык зоналарга терс таасирдин тийишине жол бербөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө чектөө киргизилсин:
– өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;
– парктык-пляждык зоналардын чектеринде;
– жайыттарда.
2. Бул токтомдун 1-пункту төмөнкүлөргө колдонулбайт деп белгиленсин:
– өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан автомобиль жолдорунун тилкелерине;
– өтмө зоналарына жана биосфералык аймактардын санация зоналарына;
– мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кызматтык кесиптик ишти аткаруунун алкагында жүктөлгөн функцияларга ылайык пайдаланылуучу мототранспорт каражаттарына;
– Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен макулдашуу боюнча жүргүзүлүүчү мототранспорт каражаттарын милдеттүү пайдалануу зарылдыгы менен мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларга;
– жергиликтүү калк тарабынан чарбалык максаттарда пайдаланылуучу номиналдык максималдуу кубаттуулугу узак жүктөм режиминде 4 кВт ашпаган электр кыймылдаткычтуу мототранспорт каражаттарына.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
– киргизилген чектөөлөр жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана туристтик операторлорго маалымат берүүнү камсыз кылсын;